Египет Жаңы Зеландияны жеңди

Египеттин футбол боюнча курама командасы дүйнө чемпионатында Жаңы Зеландияны утту.

Тайпалык этаптын экинчи турундагы беттеш Канаданын Ванкувер шаарында өттү.

Жаңы зеландиялыктар эсепти биринчи ачып, тыныгууга 1:0 эсеби менен кетишкен. Беттештин экинчи бөлүгүндө египеттиктер демилгени колго алып, үч гол киргизүү менен жеңишти илип кетишти. Мостафа Зико менен Мохаммед Салах бирден гол жана бирден голдук пас жаратышты.

Беттештин соңку эсеби — 3:1. Египеттин курама командасын 4 упай топтоп, тайпада 1-орунга көтөрүлдү. Жаңы Зеландиянын эсебинде 1 упай бар жана алар 4-орунда турат.

Акыркы турда Египет Иран менен ойнойт, ал эми Жаңы Зеландия Бельгияга каршы беттеш өткөрөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз