Кыргызстан жарандыкка арыз берүү эрежелерин жаңыртты

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгы боюнча маселелерди кароо тартибин жөнгө салган жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди.

Документке ылайык, санариптик технологияларды колдонуу кеңейтилет. Эми жарандык маселелерине байланыштуу документтер автоматташтырылган маалыматтык система (АМС) аркылуу электрондук жана кагаз түрүндө таризделет.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуу же андан чыгуу тууралуу арыздар АМСте арыз ээсин идентификациялоо үчүн графикалык планшет аркылуу коюлган электрондук кол тамга менен тастыкталышы керек.

Жарандык алуу боюнча арыз берүү үчүн Кыргызстандын аймагында жашаган жери боюнча каттоосу жана төмөнкү документтердин бири болушу зарыл:

* жашап турууга уруксат (вид на жительство);
* жарандыгы жок адамдын күбөлүгү;
* качкындын күбөлүгү;
* «Мекен-карт».

Бирок бул талаптар Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздарга жана өлкөдө документтештирилген жарандыгы жок адамдарга тиешелүү эмес. Ал эми жашы жете элек балдар үчүн жашаган жери боюнча каттоонун болушу гана милдеттүү.

Мындан тышкары, жарандыктан чыгуу үчүн документ тапшырганда ата-энелердин жана 14 жаштан 18 жашка чейинки балдардын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу талап кылынары такталды (эгер мындай маалыматтар маалыматтык системада жок болсо).

Кыргызстанда төрөлгөн баланын ата-энеси этникалык кыргыз болгон чет өлкөлүк жарандар болсо, алардын кайсы өлкөнүн жараны экенине жана кайсы жерде жашаганына карабастан, бала автоматтык түрдө Кыргызстандын жараны деп таанылат.

Ошондой эле айрым учурларда жарандыктан чыгууга тиешелүү макулдуктар жана зарыл документтер болгондо гана, ошондой эле улуттук коопсуздукка байланыштуу чектөөлөр жок учурда уруксат берилери белгиленди.

Жарандыкты жоготуу тартиби да такталды. Эгер адам башка мамлекеттин жарандыгын алгандыгы ырасталса же жарандыктан чыгуу тууралуу нотариалдык арыз берсе, анын Кыргызстандын жарандыгы токтотулат.

Мындан сырткары, төрөлгөндө эмес, кийинчерээк жарандык алган адам улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан аракеттерге барса же чет мамлекеттин армиясында, укук коргоо же атайын кызмат органдарында кызмат өтөсө, анын жарандыгы жокко чыгарылышы мүмкүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз