Муртазали Магомедов дебюттук беттеши үчүн 100 000 доллар бонус алды

Кыргызстандык Муртазали Магомедов (11-0) «UFC'деги» дебюттук беттешинде жеңишке жетти.

Ал 21-июнда Лас-Вегаста (Невада штаты, АКШ) өткөн «UFC Fight Night: Kape vs Horiguchi» турниринде күч сынашты.

Магомедов армениялык Мелсик Багдасарян (8-4) менен беттешип, атаандашын 1 мүнөт 17 секундда жеңип алды.

Турнирдин жыйынтыгы боюнча кыргызстандык спортчу кеченин мыкты беттеши үчүн 100 000 доллар бонус алды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз