Лионель Месси Мундиалдардын тарыхындагы эң көп гол киргизген футболчуга айланды
АКШнын “Интер Майами” жана Аргентина курамасынын футболчусу Лионель Месси футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта эң көп гол киргизген футболчуга айланды. Ал 22-июнда Австрияга каршы оюнда гол киргизип, Мундиалдагы голдорунун саны 18ге жеткирип алды.
Буга чейин немис футболчусу Мирослав Клозеде 16 гол бар болчу. Месси дүйнөлүк чемпионаттын тайпалык баскычынын биринчи турунун жүрүшүндө Альжирге каршы оюнда 3 гол киргизип, Клозеге жетип алган болчу.
Франциялык Киллиан Мбаппе Ирак менен болгон оюнда дубль жасап, голдорунун санын 16га жеткирди. Ал Норвегияга каршы оюнда Мессиге жетип алышы мүмкүн. Аргентинанын тайпадагы акыркы оюну Иордания менен болот. Анда да Мессиге голдорунун санын көбөйтүп алуу мүмкүнчүлүгү жаралат.
Мессинин карьерасындагы жетишкендиктери:
- Дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы эң көп матч өткөргөн футболчу — 28 оюн
- Дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы эң мыкты бомбардир — 17 гол
- Дүйнө чемпионаттарында эң көп оюн мүнөтүн өткөргөн футболчу
- Төрт дүйнө чемпионатында катары менен гол киргизген
- Дүйнө чемпионатынын эң мыкты оюнчусу (MVP) наамын эки жолу алган тарыхтагы жалгыз футболчу (2014 жана 2022)
- Аргентина курама командасынын тарыхындагы эң мыкты бомбардир
- Аргентина курама командасынын тарыхындагы эң мыкты ассистент
- Түштүк Америкадагы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарындагы эң мыкты бомбардир
- Бир дүйнө чемпионатында тайпалык этапта, 1/8 финалда, чейрек финалда, жарым финалда жана финалда гол киргизген тарыхтагы жалгыз футболчу
- Өспүрүм курагында, 20 жаштарында, 30 жаштарында жана 35 жаштан кийин да дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычында гол киргизген тарыхтагы жалгыз оюнчу
- Дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы эң көп голдук аракеттердин (гол + ассист) ээси
- Аргентина курамасы үчүн эң көп оюн өткөргөн футболчу
- Дүйнө чемпионаттарында эң көп жеңишке жеткен футболчу
- Аргентина курамасы менен мүмкүн болгон бардык негизги трофейлерди жеңген: Дүйнө чемпионаты, Америка Кубогу (Копа Америка), Финалиссима, Олимпиада жана жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты
- Катарынан эки башка эл аралык ири мелдештин эң мыкты оюнчусу деп табылган тарыхтагы жалгыз футболчу: Копа Америка-2021 жана Дүйнө чемпионаты-2022
- FC Barcelona клубунун тарыхындагы эң мыкты бомбардир
- Футбол тарыхындагы эң мыкты ассистент
- 8 жолу «Алтын топту» жеңген — абсолюттук рекорддун ээси
- Дүйнө чемпионатын, Копа Американы, Чемпиондор лигасын жана 8 «Алтын топту» уткан тарыхтагы жалгыз футболчу
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

