Өзбектердин сыйын көргөн Роналду аларды аяган жок
Португалиянын футбол боюнча курама командасы футбол боюнча дүйнө чемпиондугунда алгачкы жеңишине жетти.
Тайпалык этаптын экинчи турундагы оюнда португалиялыктар Өзбекстандын футбол боюнча курама командасына каршы ойноду. Биринчи таймда Роналду эки жолу гол киргизсе, дагы бир голду Нуну Мендеш жаратты.
Экинчи бөлүктө «Манчестер Ситинин» оюнчусу Абдукодир Хусанов өз дарбазасына гол киргизип алды, ал эми оюндун аягында Рафаэл Леао акыркы чекитти койду.
Оюндун эсеби — 5:0, Португалия 4 упай топтоп, тайпанын лидерлигине чыкты.
Өзбекстандын футбол боюнча курама командасы катары менен экинчи беттеште жеңилип калды, бирок плей-оффко чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Гана менен болгон оюнда жеңсе, үчүнчү орун тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү сакталып турат.
2009-жылы Криштиану Роналду атайын чакыруу менен Ташкентке келип, жаш балдар менен топ тээпп, мастер класс көрсөткөн болчу
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

