Дагы бир команда плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады
Канада, Мексика жана АКШда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында дагы бир команда мөөнөтүнөн мурда тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
24-июнга караган түнү тайпалык этаптын экинчи турунун акыркы төрт оюну өттү.
L тайпасында Панаманын футбол боюнча курама командасы Хорватияга 0:1 эсебинде жеңилип, тайпадагы акыркы 4-орунду ээледи. Буга чейин команда ушундай эле эсеп менен Ганага утулуп калган.
Акыркы турда Панама Англияга каршы ойнойт, бирок бул беттештин жыйынтыгына карабастан, плей-оффко чыга албайт.
Буга чейин эки турдун жыйынтыгы боюнча Гаити, Түркия, Тунис жана Иордания плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.
Калган командалар тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн сактап калышты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

