Муртазали Магомедов 100 миң долларлык ыкманы ким үйрөткөнүн айтты
Кыргызстандык Муртазали Магомедов (11-0) UFC Fight Night 279 турниринде жаркын дебют жасап, Армения өкүлү Мелсик Багдасарянды биринчи раундда сейрек кездешүүчү «твистер» ыкмасы менен мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Бул жеңиш UFC тарыхындагы болгону төртүнчү ийгиликтүү аткарылган «твистер» болуп калды.
Беттештен кийинки маегинде Магомедов бул ыкманы кимден үйрөнгөнүн айтып берди.
«Бул “твистерди” мага агам Аскар Аскаров көрсөткөн. Мен аны кайра-кайра машыгып, улам өркүндөтүп жүрдүм. Акыры машыгууларда жакшы иштей баштады. Беттеште атаандашымдын артына өткөндөн кийин баары өзүнөн-өзү эле болуп кетти. Мүмкүнчүлүктү көрүп, дароо “твистерди” жасай турганымды түшүндүм. Аскар бир айдай мурун Лас-Вегаска келип, экөөбүз ушул ыкманы көп жолу машыкканбыз», — деди Магомедов.
Кыргызстандык мушкер мындан ары да активдүү болуп, жарым жеңил салмактагы дивизиондо өзүн көрсөтүүнү кааларын билдирди.
«Мен активдүү болуп, ар үч-төрт ай сайын октагонго чыгып тургум келет. Жарым жеңил салмак абдан кызыктуу дивизион, бирок азыр бул жерде чоң жылдыздар аз. Мен жаңы жаркыраган ысым боло алам деп ойлойм. Менин эсебимде 11 жеңиш бар, алардын баары мөөнөтүнөн мурда аяктаган. Бул болсо менин мүмкүнчүлүктөрүмдү жана техникамды көрсөтүүнүн башталышы гана», — деп кошумчалады Магомедов.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

