«UFC» Кыргызстанда турнир өткөрүшү мүмкүн

«UFC» турнири Кыргызстанда өтүшү мүмкүн. «ТАСС» булагына таянып билдиргендей, турнир 2027-жылы өткөрүү пландалууда.

«Жакында Өзбекстандын делегациясы «UFC» жетекчилиги менен жолугушту. Өлкөдө уюмдун турнирин, ошондой эле «Zuffa Boxing» өткөрүү маселеси талкууланууда. Ошондой эле Казакстанда, Кыргызстанда жана Грузияда турнир өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деди булак.

Буга чейин «UFC» турнирлери Орусияда үч жолу жана Азербайжанда бир жолу өткөрүлгөн.

Май айында Бишкекте күйөрмандардын ММА өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөн. Бул жолугушууда Валентина Шевченко Кыргызстанда «UFC» турнирин өткөрүү үчүн баарын жасай турганын белгилеген.

«Кыргызстанда мушташ өнөрүн абдан жакшы көрүшөт, ошондуктан бул жерде сөзсүз түрдө «UFC» турнири өтүшү керек. Мен бул идея ишке ашышы үчүн колумдан келгендин баарын жасайм. Мен 11 жолу титулдук беттеш өткөрдүм жана ар дайым атаандаштарымдын аймагында мушташууга туура келди. Мекенимде чыгып мушташа турган учурду чыдамсыздык менен күтүп жатам», - деди Шевченко.

Учурда «UFCде» Кыргызстандан төрт спортчу бар — Валентина Шевченко, Мыктыбек Оролбай уулу, Уран Сатыбалдиев жана Муртазали Магомедов.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз