ДЧ: Чехия мундиал менен кош айтышып, Түштүк Корея күтүүдө

Канада, Мексика жана АКШда өтүп жаткан футбол боюнча 2026-жылкы Дүйнө чемпионатында мелдешти мөөнөтүнөн мурда жыйынтыктаган дагы бир курама белгилүү болду.

25-июнга караган түнү тайпалык баскычтын акыркы оюндар сериясы башталды.

А тайпасында плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап турган Чехия курама командасы Мексикага 0:3 эсебинде ири жеңилип, тайпада акыркы — төртүнчү орунду ээледи.

Мунун жыйынтыгында чех футболчулары 1/16 финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн толугу менен жоготуп, турнир менен кош айтышты.

Учурда плей-оффко чыгуу үмүтүнөн ажыраган командалардын саны жетиге жетти. Алар: Гаити, Түркия, Тунис, Иордания, Панама, Катар жана Чехия.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз