ИИМ экс-депутат эмне үчүн кармалганын ачыктады

Ички иштер министрлиги трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн иликтөөнү улантууда.

Министрлик билдиргендей, Кыргыз Республикасынын аймагында жана Россия Федерациясынын Свердлов облусундагы бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп шектелген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1981-жылы туулган Т.Д. кармалды. Анын аталган уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экендиги аныкталды.

Т.Д. башкарган «Toyota Prius» үлгүсүндөгү автоунаага тинтүү да жүргүзүлдү. Унаанын ичин кароо учурунда жалпы салмагы болжол менен 5 грамм болгон, психотроптук зат деп болжолдонгон зат табылып, алынган.

Т.Д.га  Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча айыбы угузулган. Ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Төрөкулов «Бир Бол» партиясынан парламенттин 6-чакырылышынын депутаты болгон. Бул анын биринчи камалышы эмес, 2021-жылдын 15-январында коррупцияга жана Оштогу булгаары иштетүүчү заводду рейдерлик жол менен басып алууга шектелип кармалган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз