Венесуэладагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 1450 адамга жетти
Венесуэлада 24-июнда болгон эки жер титирөөдөн кийин кеминде 189 имарат толугу менен урап калды, деп билдирди Улуттук ассамблеянын төрагасы Хорхе Родригес. Жалпысынан 774 имарат жабыркаган.
Ал каза болгондордун саны 1450 адамга чейин өскөндүгүн кошумчалады. БУУнун маалыматы боюнча, 50 миңге жакын адам дайынсыз жоголгондордун катарында.
Куткаруучулар, полиция кызматкерлери жана дарыгерлерди кошкондо 25 миңден ашык адам кесепеттерди жоюу иштерин улантууда. Родригестин айтымында, куткаруу операциясына 2624 чет элдик куткаруучу, ошондой эле эл аралык делегациялардын өкүлдөрү да катышып жатышат.
Жер титирөөнүн очоктору Морон шаарынан 16 чакырым жана Сан-Фелипе шаарынан 24 чакырым алыстыкта жайгашкан. Алардын магнитудасы 7,2 жана 7,5ти түздү. Кыйроолор Каракаста, ошондой эле Миранда, Арагуа, Карабобо, Лара жана Яракуй штаттарында катталды. Ла-Гуайра шаары эң көп жабыркап, ал жерде кеминде 100 имарат толугу менен талкаланган. Штат аскерлердин көзөмөлүнө берилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

