Парагвай сенсация жаратып, Германияны жеңип алды
Парагвайдын футбол боюнча курама командасы өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына чыкты.
Плей-оффтун биринчи айлампасында түштүк америкалыктар Германиянын футбол боюнча курама командасына каршы ойношту.
Биринчи таймдын аягында парагвайлыктар алдыга чыгышты.
Экинчи таймда немистер Кай Хавертцтин так соккусунан кийин тез эле эсепти 1:1 кылып теңешти.
Негизги убакытта да, кошумча 30 мүнөттө да башка голдор болгон жок.
Пенальти сериясында Парагвайдын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары 4:3 эсеби менен жеңишке жетишти .
Германиянын футбол боюнча курама командасынын курамында Кай Хавертц, Ник Вольтемаде жана Жонатан Та соккуларын ишке ашыра алышкан жок.
Парагвай 1/8 финалга чыгып, ал жерде Франция - Швеция жубунун жеңүүчүсү менен ойнойт.
Буга чейин 1/8 финалга Канада жана Бразилия чыккан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

