Марокко Нидерландияны утуп, 1/8 баскычына жолдомо алды

Марокконун футбол боюнча курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын 1/16 финалында Нидерланддарды утту.

Беттеш 30-июнда Бишкек убактысы боюнча эртең менен өттү.

Биринчи таймда командалар гол киргизе алышкан жок, ал эми экинчи бөлүктө голландиялыктар Коди Гакпонун так соккусунан кийин эсепти ачты.

Беттештин негизги убактысына кошулган биринчи мүнөттө марокколуктар эсепти теңеп, оюнду овертаймга өткөрө алышты.

Кошумча 30 мүнөттө гол кирген жок жана командалар пенальтилер сериясына өттү.

Пенальтилер сериясында Марокконун курама командасынын оюнчулары 1/8 финалга чыгышты. Алар анда Канада менен ойношот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз