"Ош жаңырыгы" гезити Маданият министрлигинин социалдык буюртма боюнча сынагынын жеңүүчүсү болду

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымат тармагындагы мамлекеттик социалдык заказ боюнча республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн аныктады.

Аталган сынак министрликтин 2026-жылга карата иш-чаралар планынын алкагында өткөрүлүп, маалымат тармагындагы социалдык мааниге ээ долбоорлорду мамлекет тарабынан түздөн-түз колдоого багытталган алгачкы демилге болуп саналат.

Долбоордун негизги максаты — мамлекеттик тилдеги сапаттуу жана заманбап маалыматтык контентти өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо жана алардын коом алдындагы жоопкерчилигин күчөтүү.

Сынакка жалпы 20 долбоор сунушталып, гранттык комиссия тарабынан ачык жана калыс баалоонун негизинде жеңүүчүлөр аныкталды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана министрдин орун басары Салкын Сарногоева катышты.

Сынактын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлүп, министр Мирбек Мамбеталиев жеңүүчүлөргө сыйлыктарды жана тиешелүү сертификаттарды жеке өзү тапшырды.

Жеңүүчү деп төмөнкү долбоорлор табылды:

1. «Экология жана жаратылышка аяр мамилени калыптандыруу» – “Ысык-Көл кабарлары” Ысык-Көл облустук гезитинин редакциясы мекемеси;
2. «Жүрүм-турум маданияты жана тил» – “Тунук-Ук” коомдук фондусу;
3. «Маданий мурас» – “Талас байрагы” Талас облустук гезитинин редакциясы мекемеси;
4. «Эмгек миграциясы» – Жалал-Абад облустук “Акыйкат” коомдук-саясий гезити;
5. «Чек ара аймагындагы коопсуздуктун алдын алуу» – “Баткен таңы” Баткен облустук гезитинин редакциясы мекемеси;
6. «Улуттар аралык ынтымак жана биримдик» – “Чүй баяны” Чүй облустук гезитинин редакциясы мекемеси;
7. «Алдыңкы спорт адистеринин, спортчулардын, коомдук ишмерлердин жана күйөрмандардын катышуусу менен коомдук долбоор» – “Ош жаңырыгы” Ош облустук гезитинин редакциясы мекемеси;
8. «Медиа жана маалыматтык сабаттуулук» – “Сары Булуң” коомдук фондусу;
9. «Аймактык ишкердүүлүк» – “МирСу” коомдук фондусу;
10. «Үй-бүлө институту» – Кыргыз Республикасынын “Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезити;
11. «Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жана социалдык интеграциясы» – “Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзу” коомдук бирикмеси;
12. «Сергек жашоо образы» – Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;
13. «Билим берүү – өнүгүүнүн стратегиялык ресурсу» – Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы “Кут Билим” медиа борбору;
14. «Ар бир кесип ардактуу» – Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына караштуу “Талас облустук телерадиокомпаниясы” мекемеси;
15. «Кыргыз адабиятынын каармандарынын образдарын чагылдыруу» – “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү.
Министрлик тарабынан ишке ашырыла турган долбоорлор жаштарды туура багыттоого, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, улуттук баалуулуктарды даңазалоого, жарандык патриотизмди бекемдөөгө жана коомдогу биримдикти чыңдоого салым кошору белгиленди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз