Б. Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек эл аралык университетинде «Open Osh» креативдүү фестивалы болуп өттү

6-февралда Ош шаарында Б. Сыдыков атындагы Кыргыз–Өзбек эл аралык университетинин №2 корпусунда (БА-3) Инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультетинин, Механика, энергетика жана дизайн кафедрасынын демилгеси менен «Open Osh» аттуу креативдүү фестиваль уюштурулду.

Иш-чара жаңыланган жыйындар залынын салтанаттуу ачылышы менен башталып, КӨЭАУнун ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, Инженердик- технологиялык жана табигый- педагогикалык факультетинин деканы, физика, математика илимдеринин кандидаты, профессор Жумагүл Жээнтаева баштаган факультет жаамааты жана студенттер биргеликте кызыл тасманы кесишти.

Андан соң фестивалдын расмий бөлүгү улантылып, ректор катышуучуларды жаңыланган шарттардын түзүлүшү менен куттуктап, иш-чаранын маанисине токтолду. Ошондой эле студенттерди бүгүнкү иш-чара менен куттуктап, аларды заман талабына жооп берген, билимдүү жана демилгелүү адистер болуп чыгууга чакырды.

Мындан кийин Инженердик-технологиялык жана табигый-педагогикалык факультетинин деканы, физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Жумагүл Жээнтаева сөз сүйлөп, аялдардын жана жаштардын социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган мындай иш-чаралар учурдун талабы экендигин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында конок лекциялар уюштурулуп, анда:
– «Open Osh» креативдүү санарип платформасынын презентациясы,
– жаштардын туруктуу өнүгүү жана экологиялык туризмди өнүктүрүүдөгү ролу,
– кыргыз улуттук мурасынын негизинде экологиялык багыттагы кийим жана аксессуарларды жаратуу темалары талкууланды.

Фестивалдын жүрүшүндө университеттин дизайн багытындагы студенттеринин катышуусунда мода көргөзмөсү уюштурулуп, көрүүчүлөргө «Селен стиль» аттуу коллекция сунушталды.

Мындан тышкары, катышуучулар үчүн кол өнөрчүлүк буюмдарынын жарманкеси өтүп, кургак валяние ыкмасы менен жүндөн буюм жасоо жана «курак» ыкмасы боюнча брошь даярдоо боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.

Фестиваль студенттерге жана конокторго креативдүү долбоорлор, этнодизайн жана улуттук кол өнөрчүлүк багытындагы иштелмелер менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп, жаштардын чыгармачылык демилгелерин колдоого багытталган маанилүү аянтча болду.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз