Норвегия 1/8 финалга өттү

Норвегиянын футбол боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын 1/8 финалынын кезектеги катышуучусу болду.

1/16 финалдык беттеште норвегиялыктар Кот-д'Ивуардын курама командасына каршы ойноп, 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. Оюндун аягында жеңиш голун «Манчестер Ситинин» чабуулчусу Эрлинг Холанд киргизди. Бул анын турнирдеги бешинчи голу болду.

Норвегия 1/8 финалда Бразилиянын курамасына каршы ойнойт.

Буга чейин 1/8 финалга Канада, Парагвай жана Марокко да чыккан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз