Франция Швецияны ири эсеп менен утуп, 1/8 финалга жолдомо алды
Франциянын футбол боюнча курама командасы Канада, Мексика жана АКШда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына чыкты.
1/16 финалдагы беттеште француздар Швецияга каршы ойноп, 3:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишти.
Оюнда Килиан Мбаппе дагы бир жолу дубль жасап, аталган турнирде жалпы 6 гол киргизизди. Ал бул көрсөткүч боюнча Мессиге жетти.
Франция 1/8 финалда буга чейин пенальти сериясында Германияны жеңип алган Парагвай менен ойнойт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

