Кыргызстанда Азиянын Чемпиондор лигасынын оюндары болот
Кыргызстанда футбол боюнча аялдар арасындагы Азия чемпиондор лигасынын беттештери өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Ага ылайык, Кыргызстан 2026/27-сезондогу аялдар арасындагы Азия чемпиондор лигасынын квалификациялык баскычынын оюндарын кабыл алат.
Кыргызстандын атынан өлкөнүн 2025-жылдагы чемпиону болгон «Илбирс» клубу катышат.
Турнирдин биринчи квалификациялык баскычы 17–23-август күндөрү өтөт. Тандоо этабында жалпысынан 24 клуб күч сынашат. Алардын ичинен болгону 6 команда гана тайпалык баскычка жолдомо алат.
Кыргызстандын клубдары аялдар арасындагы Азия чемпиондор лигасына экинчи жолу катышмакчы.
Өткөн сезондо өлкөнүн намысын «Азиягол СИ» клубу коргогон. Бирок команда турнирдин негизги этабына чыга алган эмес.
Квалификациялык баскычтын чүчү кулагы 2-июлда тартылат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

