Жалал-Абадда бильярд боюнча Дүйнө биринчилиги башталды

Кечээ, 22-апрель күнү Жалал-Абад шаарында бильярд боюнча Дүйнөлүк Олимпиаданын “Айкалышкан пирамида” оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутат Шайырбек Ташиев, бильярд боюнча эл аралык калыстар тобу, 20дан ашуун өлкөдөн келген 81 спортчу жана жергиликтүү тургундар катышты.
 
Облус башчысы Тилек Текебаев жалпы катышуучуларды куттуктап, бүгүн Жалал-Абад шаары кий чеберлеринин жана бильярд сүйүүчүлөрүнүн көңүл борборунда экенин айтты. 
 
«Бильярд — бул жөн гана оюн эмес, бул чеберчилик менен сабырдуулуктун, стратегия менен зээндүүлүктүн айкалышы. Жаштар арасында бул спортко болгон кызыгуу артып, жаңы чемпиондордун өсүп чыгышына өбөлгө түзүүдө. Бильярд спорту ар бир катышуучудан жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүктү, тартипти жана өзүнө болгон ишенимди талап кылат. Бул олимпиада оюндарынын Жалал-Абад облусунда өтүшү – аймактагы спорт тармагынын өнүгүүсүнө чоң салым кошот» – деди Тилек Текебаев.
 
Дүйнөлүк Олимпиадага Кыргызстандын атынан 14 спортчу катышууда. Алардын эң кичүүсү 13 жашта. Оюндардын жалпы байге фонду 5 млн. сомду түзөт.
 
Жарым финал жана финалдык беттештер Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз футбол биримдигинин имаратында, калган оюндар шаардагы “LEGEND.KG” бильярд клубунда өтөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз