Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер үчүн медиа сабаттуулук боюнча мастер-класстар өттү

Кампаниянын алкагында өлкөнүн жети аймагында – Бишкек, Ош, Баткен, Талас, Нарын, Каракол жана Жалал-Абад шаарларында мастер-класстар өтөт. Алар мамлекеттик кызматкерлердин медиа сабаттуулугун арттырууга, сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана санариптик алдамчылыктарга каршы күрөшүү жөндөмдөрүн жакшыртууга багытталган. Ошондой эле кастык тилине каршы күрөшүү боюнча да атайын тренингдер уюштурулду.
Мастер-класстардын негизги темалары:
Медиа жана маалыматтык сабаттуулуктун негиздери;
Санариптик алдамчылыктар: чыныгы учурлар жана коргонуу жолдору;
Кастык сөздөрдү таануу жана аларга каршы күрөшүү механизмдери;
mediamap.kg интерактивдүү картасы жана фейк маалыматтарды көзөмөлдөө ыкмалары.
Маалыматтык кампаниянын жүрүшү
Иш-чаралар 12-марттан 18-мартка чейин өткөрүлдү. Мастер-класстар мамлекеттик мекемелердин ичинде өтүп, аларга жергиликтүү администрациялардын, Президенттин облустагы өкүлчүлүктөрүнүн жана мэриялардын кызматкерлери катышты. Жалпысынан 350дөн ашуун мамлекеттик кызматкер окутулду. Уюштуруучулардын билдирүүсүнө ылайык, ар бир катышуучу алган билимин кеминде беш кесиптешине бөлүшөт, бул мамлекеттик түзүмдөрдө медиа сабаттуулукту жайылтууга өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн белгиледи:
"Мамлекеттик кызматкерлердин медиа сабаттуулугун жогорулатуу – маалыматтык коркунучтарга туруштук берүүдө маанилүү кадам. Бул тренингдер мамлекеттик органдардагы кызматкерлерге жалган маалыматтарды таанууга гана эмес, жарандар менен эффективдүү коммуникация түзүүгө да жардам берет деп ишенебиз", – деди ал.
Өз кезегинде, Жамааттык Медиалар Бирлигинин аткаруучу директору Назира Жусупова маалымат коопсуздугун камсыздоо үчүн мамлекеттик кызматкерлердин медиа сабаттуулугу маанилүү экенин баса белгиледи:
"Санарип доорунда маалыматты сынчыл көз караш менен кабыл алуу жана фейктерге каршы туруу жөндөмү – зарылчылык. Мамлекеттик түзүмдөрдүн бул процесске аралашканына кубанычтабыз. Бул келечекте маалыматтык коопсуздук жаатында дагы да терең кызматташууга негиз болот деп ишенебиз", – деди ал.
Бул кампания Министрлер кабинетинин 2025-жылдагы планына киргизилген жана мамлекеттик кызматкерлер менен жарандардын медиа сабаттуулугун жогорулатуу стратегиясынын алкагында ишке ашырылууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.