Англия курамасы Конгону кыйынчылык менен утуп, кийинки баскычка жол алды
Англиянын футбол боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын 1/16 финалында Конгону жеңип алды.
Беттеш 1-июлда Атланта шаарындагы (Жоржия штаты, АКШ) «Мерседес-Бенц Арена» стадионунда өттү.
Конго командасы 7-мүнөттө эле гол киргизип, 75-мүнөткө чейин жеңишти сактап турган. Бирок андан кийин Харри Кейн оюнду өз колуна алып, дубль жасады.
Англия 2:1 эсебинде жеңишке жетип, 1/8 финалга чыкты, ал жерде Мексиканын курама командасына каршы ойнойт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


