Сот Ташиев баш болгон саясатчыларга мүлкүн конфискациялоо менен бирге 4 жылдык абак жазасын дайындап, пробация колдонду

Cүрөт: "АКИпресс".

Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров 2-июлда «75 кишинин  каты» боюнча өкүм чыгарды, деп жазат "Баракелде" басылмасы.

Судья төмөнкүлөрдү өкүм кылды:

- Камчыбек Ташиевди — мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркинен ажыратып, пробация колдонуу

- Курманкул Зулушевди — мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркинен ажыратып, пробация колдонуу

- Нурланбек Тургунбек уулун — мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркинен ажыратып, пробация колдонуу

- Курсан Асановду — мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркинен ажыратып, пробация колдонуу

- Аалы Карашевди — мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркинен ажыратып, пробация колдонуу

- Эмилбек Узакбаевди — мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркинен ажыратып, пробация колдонуу

- Бекболот Талгарбековду — мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркинен ажыратып, пробация колдонуу

- Курманбек Дыйканбаевди — мүлкүн конфискациялоо менен 4 жылга эркинен ажыратып, пробация колдонуу

Жыйынтыгында бардыгына 3 жылдык пробациялык көзөмөл бекитилди.
Камактагы 5 айыпталуучу бошотулду.

Аты аталгандар бийликти күч менен басып алууга даярданган деп айыпталган.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу баарын 9 жылга эркинен ажыратууну суранган. Айыпталуучулар акыркы сөзүндө судьядан актоону суранышкан.


Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз