Экс-депутат камактан бошотулду

Бишкектин Ленин райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.К.К.нын [Сулайманов Кундузбек Кошалиевич] бөгөт коюу чарасын өзгөрттү. Бул тууралуу «Tazabek» сайтына Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

2026-жылдын 26-июнундагы соттун токтомунда айтылгандай, мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү чара эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен алмаштырылды.

Буга чейин УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.К.К., ошондой эле подряддык уюмдардын жетекчилери М.А. жана А.Р.ны кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизгендигин билдирген.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу болгон.

«С.К.К. кызматтык ыйгарым укуктарын пайдаланып, жеке компаниянын кызыкчылыктарына колдоо көрсөтүүнү уюштурган. Буга чейин Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын адистери тарабынан «Нарын ГЭСи» ААК жана подряддык уюмдар тарабынан иштердин көлөмүн негизсиз көбөйтүү аркылуу мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган», - деген УКМК.

Кундузбек Сулайманов 2025-жылдын 12-декабрында Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталган. Ал №14 округда талапкерлигин койгон.

2026-жылдын 22-февралында депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу боюнча арыз жазган. 23-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы анын ыйгарым укуктарын токтоткон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз