Президент Караколго алып келинген техникаларды текшерүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Каракол шаары үчүн алынган атайын техника жана коомдук транспорт менен таанышып жаткан учурда жергиликтүү мекемелердин өкүлдөрү атайын техникалардын сапатына наарызчылыктарын билдиришти.

Алардын айтымында, келген техниканын бир нечеси тапшырык кылынгандан айырмаланып турат.

«Азыр подкрыльниктери жок болуп жатат. Анан ширетилген жерлери ширетилбей болт менен бекитилиши керек болчу. Краскалары дагы валик менен сүрүлгөн», - деди ал.

Президент мындай техниканы эмнеге чогултуп жатасыңар деп суроо салды.

«Тапшырык берилген менен алып келинген нерсенин мүнөздөмөсү туура келиши керек, туурабы?», - деди ал.

«Шумкар» компаниясынын директорунун орун басары түшүндүрмө берди.

«Компания ар бир ай сайын жаңы үлгүдөн чыгарып турат. Бул биринчи партия болгон. Бул техникалык ката. Тиги жакта подкрыльниги бар эвакуатор бар. Буну биз көз жаздымда калтырыптырбыз. Оңдойбуз. Ширетилгени боюнча айтсам, бизде ширетүү менен дагы болт менен дагы бар. Бул чогултуунун методикасы боюнча нормативде бар», - деди ал.

Президент тараптарга акылдашып, ынтымактуу чечишип алууну сунуштады.

Мындан тышкары «Тазалык» үчүн алынган техниканын арасында 8 даана эски унаа алып келингени айтылды.

«Көлөмү 14 куб болгондорго тапшырык бергенбиз. Орнотуунун баары колго жасалып, 12 куб болгону келип калган. Жалпы 11 техникага тапшырык бергенбиз. Көбү колго жасалып, боёлгон. Металлы дагы жука экен.

Телескопиялык автошатыларды да тапшырык кылганбыз. 29 менен бергенбиз. Алардын баары колго жасалып, 24 менен келе жатат», - деди жергиликтүү мекеменин өкүлү.

Тапшырык мэрия тарабынан берилгендиги айтылып, тергөө иш-чаралары жүрүп жаткандыгы кабарланды.

«Кандай техникага тапшырык берип, акчасын төлөсөңөр - так ошол техника келиши керек. Кайра бүт ордуна койдургула. Эгер такыр эле болбой калса, ортодо канча жегенин кустуруш керек. Заводдон чыкканы канча болот, кустарный метод менен жасалганы канча болот - экөөнүн айырмасын төктүрткүлө», - деп тапшырды президент.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз