Швейцария Алжирди утуп, 1\8 финалга өттү
Швейцариянын футбол боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын 1/8 финалынында ойной турган болду.
Плей-офф баскычынын биринчи раундундагы беттешинде швейцариялыктар Алжирдин футбол боюнча курамасына каршы ойноп, ар бир таймда бирден гол киргизүү менен жеңишке жетишти.
Швейцария 1/8 финалда Колумбия жана Гана жубунун жеңүүчүсү менен ойнойт.
Учурда 1/8 финалдын 16 катышуучусунун 13ү аныкталды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

