Бельгия ири эсеп менен утуп, АКШны мундиалдан четтетти

Бельгиянын футбол боюнча курама командасы Канада, Мексика жана АКШда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.

1/8 финалдагы беттеште бельгиялыктар АКШнын курама командасына каршы ойноп, 4:1 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишти.

Беттеш америкалык команданын чабуулчусу Фоларин Балоганга берилген кызыл айып кагазынын жокко чыгарылышына байланыштуу жаңжал менен коштолду. АКШнын президенти Дональд Трамптын чалуусунан кийин Эл аралык футбол федерациясы оюнчуга беттешке катышууга уруксат берген.

Балоган негизги курамда талаага чыгып, беттеште баштан-аяк ойноду.

Жыйынтыгында Бельгия 1/4 финалга чыкты. Ал жерде Португалияны утуп алган Испаниянын курама командасына каршы ойнойт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз