Бүгүн Аргентина менен Египет ойнойт. Мелдештердин жадыбалы
АКШ, Мексика жана Канадада футбол боюнча дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычынын беттештери уланууда.
9-июлга караган түндө 1/8 финалдын акыркы эки беттеши өтөт.
Атлантада (Жоржия штаты, АКШ) дүйнөнүн учурдагы чемпиондору аргентиналыктар Египеттин курама командасына каршы ойношот. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.
Буга чейинки баскычта Аргентина Кабо-Вердени кыйынчылык менен жеңген. Ал эми египеттиктер пенальтилер сериясында Австралияны жеңип алган.
Түнкү саат 2де Ванкуверде Швейцария жана Колумбия курама командаларынын ортосунда оюн өтөт.
Швейцариялыктар 1/8 финалда Алжирди оңой эле жеңсе (2:0), колумбиялыктар Ганадан өткөн (1:0).
Беттештердин жүгүртмөсү
1/8 финал
7-июль
22:00 Аргентина - Египет
8-июль
02:00 Швейцария - Колумбия
1/4 финал
10-июль
02:00 Франция - Марокко
11-июль
01:00 Испания - Бельгия
12-июль
03:00 Норвегия - Англия
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

