Кыргызстанга 21 мамлекеттин башчысы келет

Кыргызстанга ШКУнун саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине байланыштуу алгачкы ирет бир убакта 21 мамлекеттин башчысы келерин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Ал 30–31-августта жана 1-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтөрүн эске салды.

«Биздин өлкөгө алгачкы ирет бир убакта 21 мамлекеттин башчысы келет. Алардын айрымдары биринчи айымдары менен келишет.

Бул бир катар президенттердин Кыргызстанга мамлекеттик сапарлары пландалганына байланыштуу», - деди ал.

Алагөзов ушуга байланыштуу бийлик Бишкектин тургундарына мүмкүнчүлүк болсо бул күндөрү Ысык-Көлдө же башка эс алуу жайларында өткөрүү суранычы менен кайрыларын кошумчалады.

«Болбосо, жолдор үч күн бою тез-тез жабылып турарына байланыштуу баарыдан мурда өзүңүздөр үчүн ыңгайсыздыктар жаралат.

Мектеп окуучулары жана жогорку окуу жайлардын студенттери окууну 15-сентябрда башташат. Ошондуктан 1-сентябрга карата Бишкекке шашылуунун кажети жок.

Ушуга байланыштуу сиздер эс алууңуздарды азыртан эле 15-сентябрга чейин пландаштырсаңыздар болот», - деп түшүндүрдү ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз