Швейцария пенальтилер сериясында жеңишке жетишип, чейрек финалга чыкты
Швейцариянын футбол боюнча курама командасы Канада, Мексика жана АКШда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.
1/8 финалдык беттеште швейцариялыктар 9-июлга караган түндө Колумбияга каршы ойношту.
Матчтын негизги убактысы голсуз тең чыгуу менен аяктап, жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталды.
Швейцария 4:3 эсебинде жеңишке жетип, 1/ финалга чыкты. Ал жерде Аргентина менен ойнойт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

