Өзбекстанда өзбек альфавитин латын жазуусуна өзгөртүү боюнча мыйзам кабыл алынды

7-июлда Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасы пленардык отурумда өзбек алфавитин латын жазуусуна өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Документ Сенатка жөнөтүлгөнүн gazeta.uz басылмасы жазды.

Алфавитти реформалоо боюнча мыйзам долбоору буга чейин коомдук талкууга коюлбаганы кабарланды.

Түзөтүүлөргө ылайык, латын жазуусунун негизиндеги өзбек алфавити учурдагы 26 тамганын жана үч тамга айкашынын ордуна 28 тамгадан жана бир апострофтон турат. Ошондой эле айрым тамгалардын жазылышын өзгөртүү сунушталууда.

Учурда эки символ менен берилген төрт тамга айкашын бирөө менен алмаштыруу пландалууда: «Sh» ордуна «Ş», «Ch» ордуна «Ç», «Oʻ» ордуна «Ö», «Gʻ» ордуна «Ğ» колдонуу сунушталууда. Алфавиттин калган тамгалары өзгөрүүсүз калат.

Өзүнчө маселе «NG» тамга айкашына тиешелүү. 2021-жылдагы долбоордо 28 тамга жана бир тамга айкашы — NG каралган. Бирок кабыл алынган мыйзам долбоорунда 28 тамга жана бир апостроф көрсөтүлгөн, бул NG тамга айкашын алфавиттин курамынан өзүнчө элемент катары алып салууну билдириши мүмкүн.

Депутаттар ошондой эле жаңы ченемдерди баскыч менен киргизүүнү сунушташты. Мыйзам күчүнө киргенге чейин мурда таризделген документтердин, улуттук валютанын жана баалуу кагаздардын жарактуулугун сактап калуу сунушталууда.

Белгиленген мөөнөткө чейин учурдагы расмий символдорду, такталарды, белгилерди жана мамлекеттик органдар менен уюмдардын башка атрибуттарын колдонууга уруксат берүү пландалууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз