Франция Мароккону утуп, жарым финалга чыкты

Франциянын футбол боюнча курама командасы дүйнө чемпионатынын биринчи жарым финалисти болду.

10-июлга караган түндө 1/4 финалдык оюнда француздар Марокконун курама командасына каршы ойношту.

25-мүнөттө Мбаппе пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк алды. «Реалдын» чабуулчусу VAR эпизодду текшерип жаткан маалда топ менен чекиттин жанында үч мүнөттөн ашык турду. Мбаппе нааразы болуп, калыска кайрылды жана 28-мүнөттө гана сокку узатты. Буну топту тосуп алды.

Командалар тыныгууга 0:0 эсеби менен кетишти.

Экинчи таймда Мбаппе эсепти ачты — 1:0.

Марокколуктар футболчуларын алмаштырып, алдыга умтулушту, бирок 6 мүнөттөн кийин дагы бир гол өткөрүп жиберишти. Мбаппе Усман Дембелеге голдук пас берди — 2:0.

Француздар жарым финалга чыгышты, ал жерде Испания-Бельгия жубунун жеңүүчүсүнө каршы ойношот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз