Бомбардирлер жарышы: Мбаппе Мессиге жетип алды

Футбол боюнча дүйнө чемпионатында 1/4 финалдык беттештер башталды.

10-июлга караган түндө Бостондо Франция жана Марокко курама командалары жарым финалга чыгуу үчүн алгачкы жолдомону талашты.

Франциялыктар 2:0 эсебинде жеңишке жетишти, ал эми Килиан Мбаппе жеңиш алып келген голду киргизди.

«Реалдын» чабуулчусу бомбардирлер жарышында Лионел Мессиге кайрадан жетип алды. Алардын ар биринде 8ден гол бар.

Оюндагы экинчи голду Усман Дембеле киргизди, анын эсебинде азыр 5 гол бар.

11-июлга караган түндө Испания-Бельгия беттеши өтөт. Испаниялыктардын курамында Микел Оярсабал 4 гол киргизген.

Гол киргизгендердин тизмеси (Франция-Марокко беттешинен кийин жаңыланды):

8 гол — Лионел Месси (Аргентина), Килиан Мбаппе (Франция)

7 гол — Эрлинг Холанд (Норвегия)

6 гол — Харри Кейн (Англия)

5 гол — Усман Дембеле (Франция)

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз