Аскат Жетиген уулунун ден соолугуна байланыштуу маалымат төгүндөлдү

Жаза аткаруу кызматы интернетте тарап жаткан Аскат Жетиген уулунун ден соолугунун начардыгы жана тамак-аштын жетишсиздиги жөнүндөгү маалыматты четке какты.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, соттолгон жаран жыл сайын пландагы профилактикалык медициналык кароодон өтүп турат. Кезектеги текшерүү 2026-жылдын 2-мартында өткөн, анын жүрүшүндө акын ден соолугуна даттанган эмес.

Бүгүнкү күндө Аскат Жетиген уулунун ден соолугу канааттандырарлык деп бааланууда. Ал мекеменин медициналык бөлүмүнө кайрылган эмес.

«Соттолгондор күн сайын үч маал ысык тамак менен камсыз болушат.

Ошондой эле соттолгондор сырттан аманат алууга укуктуу. Аскат Жетиген уулу бул укуктан пайдаланат, ал эми анын атына келген бардык аманатты мекеменин администрациясы кабыл алат, мыйзамда каралган текшерүүдөн өткөрөт жана толугу менен өткөрүп берет», - дейт Жаза аткаруу кызматы.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз