Минкаб 23 ардактуу наамды бекитти
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин ардактуу наамдарын уюштуруу жөнүндө токтомго кол койду.
Документ менен 23 ардактуу наам, ошондой эле Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жана ардактуу наамдарды ыйгаруу жөнүндө жобо бекитилди.
Тизмеге төмөнкү наамдар кирди:
«Эмгек сиңирген артист»;
«Эмгек сиңирген дарыгер»;
«Эмгек сиңирген ойлоп табуучу»;
«Эмгек сиңирген куруучу»;
«Эмгек сиңирген мугалим»;
«Эмгек сиңирген юрист»;
«Эмгек сиңирген экономист»;
«Эмгек сиңирген ишкер»;
«Маданияттын эмгек сиңирген ишмери»;
«Илимдин эмгек сиңирген ишмери»;
«Геологиялык кызматтын эмгек сиңирген кызматкери»;
«Мамлекеттик кызматтын эмгек сиңирген кызматкери»;
«Саламаттыкты сактоонун эмгек сиңирген кызматкери»;
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эмгек сиңирген кызматкери»;
«Билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери»;
«Жаратылышты коргоонун эмгек сиңирген кызматкери»;
«Өнөр жайдын эмгек сиңирген кызматкери»;
«Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын эмгек сиңирген кызматкери»;
«Айыл чарбасынын эмгек сиңирген кызматкери»;
«Калкты тейлөө чөйрөсүнүн эмгек сиңирген кызматкери»;
«Транспорттун эмгек сиңирген кызматкери»;
«Дене тарбия жана спорттун эмгек сиңирген кызматкери»;
«Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун эмгек сиңирген кызматкери».
Ошондой эле токтом менен Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлоонун жана көрсөтүлгөн ардактуу наамдарды ыйгаруунун тартиби бекитилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

