Ошто күчтүү таасир берүүчү дарыларды мыйзамсыз сатууга шектелген эки жаран кармалды

Ош шаарында күчтүү таасир берүүчү дарыларды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1975-жылы туулган С.М. аттуу жарандын күчтүү таасир берүүчү дарыларды мыйзамсыз сатып жүргөндүгү аныкталган. Факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, КРнын Жазык кодексинин 292-беренесинин 1-бөлүгү (Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
 
Ыкчам иликтөө иштеринин негизинде шектүүнүн жашаган үйүн тинтүү учурунда 18 даана “Л” жана 6 даана “Т” аталышындагы дарылар табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө ал бул дарыларды Ош шаарынын У.Салиева көчөсүндө жайгашкан “ЖЧК Лекарь №155” аталышындагы дарыкананын фармацевти, 1992-жылы туулган С.Н. аттуу аялдан алып жүргөнү аныкталган.
 
Дарыкананы текшерүү учурунда 13 даана “Л” жана 16 даана “Т” дарылары табылып, фармацевт С.Н. менен С.М. кармалды. Учурда алардын аракеттерине юридикалык баа берүү боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз