Эрназар Акматалиев алгачкы беттешин жеңиш менен баштады
Эркин күрөш боюнча Кыргызстан курама командасынын капитаны Эрназар Акматалиев «RAF» лигасында атаандашын жеңди.
11-июлда кыргызстандык балбан Тбилисиде өткөн «RAF Georgia» турниринде килемге чыкты. Акматалиев 2023-жылдын дүйнө чемпиону жана 2022-жылдын дүйнө вице-чемпиону Зейн Резерфорд менен кез келди.
Кыргызстандык спортчу беттештин жүрүшүндө 1:2 эсебинде утулуп жатып, беттештин аякташына 40 секунд калганда ыкма колдонууга жетишип, жеңишти 3:3 кылды.
Бул беттеш Акматалиев үчүн «RAF» лигасындагы алгачкы беттеш болду. Негизи Акматалиев менен Резерфорддун ортосундагы беттеш май айынын аягында АКШда өтүшү керек болчу, бирок кыргызстандык балбанга виза берилбей калган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

