Ошто Кытайдын консулдугу кайрадан ишин баштайт
Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы консулдугу кайрадан ишин жандантат. Бул тууралуу ЖМК өкүлдөрү менен болгон жолугушууда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, консулдук COVID пандемиясына байланыштуу белгилүү бир убакыттан бери иштебей келген.
«Көптөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары консулдуктун ишин кайра жандандырууну суранышкан. Азыр мен Кытай Эл Республикасынын жаңы консулуна иш алып барууга ыйгарым укук берген документке кол койдум. Ал Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча иш жүргүзөт. Эми жарандарыбыз консулдук аркылуу өздөрүнүн маанилүү маселелерин чече алышат», — деди министр.
Эске салсак, Кытайдын Ош шаарындагы консулдугу 2019-жылдан бери иштебей келген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

