Камчы Көлбаев менен Рысбек Акматбаевдин тирешине байланыштуу кылмыштын бети ачылды

13-июлда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы «АКИpress» редакциясына 18 жыл мурунку эки кишини өлтүрүү кылмышынын бети ачылганын билдирди. Камчы Көлбаев менен Рысбек Акматбаевдин тарапташтарынын ортосундагы тирештин аркасында 3 адамдын жаны кыйылган.

Тергөөдөгү маалымат боюнча, кылмыш 2008-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында болгон. Анын себеби эки уюшкан кылмыштуу топтун ортосундагы өч алуу болгон.

2006-жылдын 10-майында Көк-Жар айылындагы мечиттин жанында Акматбаев өлтүрүлгөндөн кийин тиреш курчуган. Тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, Акматбаевдин тарапташтары Көлбаевдин унаасына кол салышкан. Бирок анын ордуна «Боха Казарманский» каймана аты менен белгилүү Болот Самсалиевди өлтүрүшкөн.

Буга жооп катары Көлбаев өзүнүн ишенимдүү адамдарына Азамат Абдыкеевди өлтүрүүнү тапшырган деп эсептейт милиция.

Ошентип, 2008-жылдын 13-сентябрында буйрук аткаруучулар Абдыкеев жана Таалайбек Таабалдиев отурган унааны аткылашкан. Экөө тең алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болушкан.

Саат 13:00 чамасында Л. Толстой жана Т. Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар кара түстөгү «Мерседес-Бенц» автоунаасын аткылап кетишкен. 

Ысык-Ата районундагы Новопавловка айылынын тургуну — 1978-жылы туулган Азамат Абдыкеев окуя болгон жерде каза тапкан. Экинчиси — Токмок шаарынын тургуну Таалайбек Таабалдиев ооруканага жеткирилип, бирок ал дагы көз жумган.

Алар Мамлекеттик салык комитетинин Бишкек шаарынын Ленин райондук башкармалыгынын төлөм чогултуу бөлүмүнүн кызматкерлери экени аныкталган.

Тергөө иш-чараларынын натыйжасында А.К., А.Ш., Э.Ч. жана Н.М. кармалды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз