Испания-Франция - финалга кимиси чыгат. Сурамжылоо
2026-жылы Канада, Мексика жана АКШда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында 15-июлга караган түнү биринчи жарым финалдык беттеш өтөт.
АКШнын Техас штатындагы Арлингтон шаарындагы AT&T стадионунда Франция менен Испаниянын улуттук курама командалары беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
Франциялык футболчулар турнирде азыркыга чейин бардык оюндарын жеңиш менен аяктады: Сенегалды 3:1, Иракты 3:0, Норвегияны 4:1, Швецияны 3:0, Парагвайды 1:0 жана Мароккону 2:0 эсебинде утушту. Чабуулчу Килиан Мбаппе 6 оюнда 8 гол киргизип, Лионель Месси менен бирге бомбардирлер жарышында биринчи орунду бөлүшүп турат.
Испания курамасы жарым финалга төмөнкү жыйынтыктар менен жетти: Кабо-Верде менен 0:0, Сауд Арабиясын 4:0, Уругвайды 1:0, Австрияны 3:0, Португалияны 1:0 жана Бельгияны 2:1 эсебинде жеңди. Испаниянын дарбазачысы Унаи Симон турнирде болгону бир гана гол өткөрүп жиберген.
2025-жылдын жай айларында бул эки команда УЕФА Улуттар Лигасынын жарым финалында жолуккан. Ал оюнда испандар 5:1 эсебинде алдыга чыгып кетишкен, бирок беттештин соңунда француздар айырманы минималдуу деңгээлге чейин кыскартып, оюн 5:4 эсеби менен аяктаган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

