Кыргыздын алгачкы генералы боюнча урпагынын баяны
Бир карасан, кыргыз генералы Ысакбек Монуев жөнүндө көп эле айтылгандай, жазылгандай. Бирок, иликтей келсек, айтчу сөздөр али алдыда тура. Анткени, анын кичүү иниси, эмгек ардагери, Мады айылынын жашоочусу Өмүрали Монуевге жолукканыбызда ал бизге генералдын өмүр-баяны, ишмердүүлүгү тууралуу узун сабак сөз айтып, узакка маектештик. Андан көпчүлүккө белгисиз көптөгөн маалыматтарды айтып берди.
- Убакыт дегениң учкан куш, колго жукпаган суу тура. Генерал жөнүндө жакшы билген кечээ эле жаныбызда жүргөн аксакалдардын көзү өтүп кетти. Көбүрөөк сүйлөп берсем ашыкча болбостур. Мүмкүн болсо, мен айткандарды толук жарыялап берсеңер, “Ош жаңырыгы” гезити кийинки муун үчүн ишенимдүү булак катары кызмат кылат деп ойлойм.
Ысакбектин бешинчи атасы Бакы. Бакынын бешинчи уулу Абдырай бий. Бир күнү Бөрүтокой деген жерде элди анын мал-мүлкүн чаап бараткан ат-башылык Ажибек баатыр Абдырай бийди чакыртса, анын жигиттерине "керек болсо өзү келсин" деп айткан экен. Абдырай бий кезегинде кадимки Алымбек датка менен араздашып, Коконго чейин ары-бери болгон жайы бар деп айтылат. Абдырай бийдин уулу Мамбет, Полот. Полоттон Карагул, Чамаш. Чамаш Сейитахун, Калыкберди, Кадырберди, Мону аттуу 4 уулдуу болот.
Айрым маалыматтарда Ысакбек Улуучат ооданынын Кошөтөк деген жерде жарык дүйнөгө келген деп айтылып жүрөт. Чындыгында Ысакбек 1902-жылы күз айларында Нуранын Тайчыкпас деген жерде жарык дүйнөгө келген. Анткени, Чамаш кичүү уулу Монуну жашынан агасы Карагулдун колуна берип, Мону улуу уулу Ысакбек туулганча Нурада жүрөт.
Монунун биринчи аялынын аты Кадича. Андан Ысакмат (кийин Ысакбек болуп өзгөрүп айтылып калган), Чүрөк, Шаакмат, Мырзакмат, Бүбүкан, Атакмат, Кожоакмат, Сулуу, Ажакмат аттуу 5 уул, 3 кыз төрөлөт. Кадича апабыз Ажакмат туулганда төрөттөн каза болгон экен.
Мону ажы андан кийин биздин апабыз Таасилге үйлөнүп, андан Термез, Абийба, Өмүрали аттуу 2 уул, 1 кыздуу болот. Мен туулгандан көп өтпөй Апам каза болот. Атабыз Ноокаттык байыштардан Паиз деген аялга үйлөнгөн экен.
Айтууда Мону атабыз кенже уул болгонуна карабастан, энчи алуудан баш тартып, мүлктүн көбүн агаларына ыйгарыптыр. Ал соодага аралашып, тез эле ирденип кеткен деп айтылат. Арапча кат тааныган, анча-мынча дин илими бар Мону Улуу-Чаттын алдыңкы адамдарынан болууга жетишет. Ал алыс-жакынга жөнөгөндө ар дайым чоң уулу Ысакбекти кошо ала жүрөт.
Ысакбек Монуев көп аял алган эркектердин катарына кирет. Анын биринчи аялынын аты- Быйпы. Ал 2 уул төрөгөн, бирок экөө тең кичикий кезинде учуп кеткен. Аны менен ажырашканан кийин Мактым деген кызга үйлөнөт. Ал Амбарбек аттуу уул төрөгөн. Бөбөк кичине кезинде каза болуп, андан көп узабай Мактым да каза болот. Андан кийин Гүлай менен баш кошот. Андан Маматурсун аттуу уул төрөлүп, ал да өтүп кеткен. Төртүнчү аялынын аты- Турганбүбү Ал Абдыкайым аттуу уул төрөгөн, Абдыкайым-Айчүрөк, Жениш, Нурдин. Бешинчи аялынын аты- Айша. Айша жеңеден Асхат аттуу уул төрөгөн. Асхаттын Айгүл, Жыпар, Жылдыз, Жаныбек аттуу уул-кызы бар. Алтынчы аялы уйгур женебизден Азиз аттуу уул көргөн. Азиз акебиз бир жолу Кыргызстанга келип кеткен.
Окурманга түшүнүктүү болсун үчүн, ошол кездеги Кытайдагы тарыхый кырдаалга көз чаптырып өтүү туура болчудай...
1911-жылы Кытайды бийлеген 300 жылдык Цинь империясы кулап, анын ордуна Кытай Республикасы түзүлгөн. Кытайдын жаңы бийлиги Шинжаң аймагын мурдагыдай эле колониялык абалда башкарууну уланткан. Бала кезден арапча кат тааныган тың чыкма 16 жаштагы Ысакбекти 1918-жылы Сымкананын эли бий кылып шайлаган. Шинжаң өкмөтү советтик чек араны кайтаруу үчүн 1925-жылдан тарта жергиликтүү кыргыздардан аскер ала баштаган. Ар кандай көтөрүлүштөрдү басуу үчүн да кыргыздар аскерге алынган. Кашкардагы Кытай бийлиги Ферганадан качып барган басмачылардын алдын алуу үчүн улуучаттык кыргыздардан чек ара көзөмөлдөөчү аскер отряддарын түзүүгө киришет. Ысакбек Чыпак казынын уулу Шабдандын аскер отрядына кирип, кийин командирдин орун басарына чейин жетет. Шабдандын басмачылар менен кызматташып жаткандыгын баамдаган Ысакбек аны менен кол үзүп, өзүнүн айылында аскер курайт. Анын аскердик отряды бара-бара саны, сапаты жагынан жогорулап, мезгили келгенде Түштүк Шинжандагы олуттуу күчкө айланат.
30-жылдардын башында чоң багыш уруусунун мыкты чыкмасы Осмонаалы кыргыз басмачыларынын жардамы менен Кашкар шаарынын бир бөлүгү Эски Кашкарды басып алып, өзүн пааша деп жарыялап, белгилүү бир мезгилге чейин бийлик жүргүзгөн. Анын аскер башчысы кадимки алайлык Ади корбашы, кеңешчиси өзгөндүк Жаныбек казы, казына башчысы Чыпак казы болгон.
1933-жылы Шинжанда улуттук боштондук кыймылы күч алып, генерал-губернатор Цзин-Шужен кызматтан кетүүгө аргасыз болот. Натыйжада эки өкмөт түзүлөт: Түндүгүндө бир кыйла прогрессивдүү, демократиялык идеяларды колдомуш эткен - Жаңы Үрүмчү өкмөтү, ал эми Кашкарда аңгилиялык багыттагы Сабитдамылда Абдулбакиевдин башчылыгындагы -Чыгыш Түркстан өкмөтү.
Чыгыш Түркстан өкмөтүнүн таянган тоосу аңгилиялык чалгындоо кызматынын куурчагына айланган советтик басмачылардын уюгу болчу. Чыгыш Түркстан өкмөтүндө кыргыздардан чыккан Чыпак казы өкмөт башчысынын орун басары болчу. Ороз аскер башчысы кызматын алат. Баса, буга чейин Осмоналы паашанын Кашкардагы бийлиги кулап калган болчу.
Жаңы Үрүмчү өкмөтүнүн администрациясы үчүн полк командири Ысакбек Монуев абдан таасирдүү адам болгондуктан, аны менен ар кандай маселелелерде эсептешип, анын койгон талаптарын аткарууга мажбур болгон. Ал Кызыл-Суу кыргыздардын социалдык- экономикалык абалын оңдоого, жогору көтөрүүгө жетишкен.
1934-жылы Ысакбекке өчөгүшкөн басмачылар атасынын агасы Кадырберди менен бир тууган иниси Шаакматты атка сүйрөп өлтүрүп кетишкен. Кийин Чыгыш Түркстан өкмөт башчысын орун басары Чыпак казы менен Шабдан колго түшүп, камакка алынат.
Сабитдамылда Абдулбакиевдин башчылыгындагы Чыгыш Түркстан өкмөтү да Ысакбектин күчү менен жоюлат. 1934-жылдын акырында Ысакбек 2 500гө чамалап барган өзүнүн 35-атчандар полку менен Кашкарга жайгашат.
1935-жылы Жаңы Үрүмчү өкмөтү Ысакбектин 35-атчандар полкун таратып, аны Улуу-Чат ооданына аким кылып жөнөтөт.
Үрүмчүдөгү өкмөт аны 1937-жылы кайрадан аскердик кызматка чакыртууга аргасыз болот. Себеби, 1937-жылы апрелинде Хотен шаарында жайгашкан уйгур дивизиясынын командири Мамутмисжан Мухитов менен дунган дивизиясынын командири Ма Хусянь Үрүмчү өкмөтүнө баш ийүүдөн баш тартып, көтөрүлүш чыгарат. Регулярдуу 2 дивизияны басууга Шен Шицайдын жергиликтүү өкмөтүнүн чамасы чак болчу.
Монуевге кытайча люйжан (бригада генералы) аскер чини ыйгарылат. Үрүмчү аскер округунун командачысы, кытай Лу Си Мин, советтик белгилүү аскер кызматкери Павел Рыбалко жол-жобо көрсөтүп , жакындан жардам бергендигин белгилеп кетүү абзел.
1938-жылы 12-июлда Ысакбек Турпанда жүргөндө бригада ичинде чарба башчысы Сыдыкбек тарабынан кутум (заговор) уюштурулуп, 42 командирдин 23 офицери атылып кеткен. Алардын ичинен Жолдошалы Мырзабеков жамбашынан жарадар болуп, Молдосабыр Матназаров менен Кашаң атуу офицер тирүү калат.
1940-жылдын башында Үрүмчүдөгү өкмөт Кашкардагы 35-кыргыз атчандар полкун, анын ичинде советтик офицерлерди да бүт таратат. Ысакбекти бригада командирлигинен алып, кыргыз-казак, монгол агартуу уюшмасы деген мекемеге башчы кылып, Кулжа шаарына жөнөтөт.
1943-жылдын эрте жазында генерал-губернатор Шень Ши Цай Үрүмчүгө кеңешме-жыйынга чакырат.
1943-жылы жазында генерал Ысакбек Монуев 3 жашар уулу Абдыкайымды алып, Акмат Дубанаев (адьюданты) үчөө СССРге качып өтөт. Аларды Алматыда Казак ССРинин жетекчилери тосуп алат. Өзбекстан КП БКнын биринчи катчысы Усман Юсупов баш болгон расмий делегация барып, Ысакбек менен жолугушат. Кыргыз ССРинин КП (б) Борбордук Бомитетинин биринчи секретары Вагов Алексей Власович менен Кыргыз ССРинин Эл комиссарлор Советинин төрагасы Төрөбай Кулатов экөө барып, Ысакбек алар менен Фрунзеге келет.
***
Ысакбек Монуев Советтер Союзуна качып өткөндөн кийин Кулжада калган аялдары Турганбүбү менен Гүлайды полиция тез эле кармап, Кулжадагы түрмөгө камайт. Кийинчерээк аларды Үрүмчүдөгү аялдар түрмөсүнө алып кетишет. Турганбүбү советтик элчилик менен байланышып, чекиттердин жардамы менен почта салынган самолеттун куйругуна жашынып качып өтүп , Фрунзеге келет.
Гүлай да кийинчерээк Үрүмчүдөгү аялдар аялдар түрмөсүнөн бошотулат “Баламан айрылып, эмне кылам” деп ошол жакта калып калат.
***
Ысакбек Монуев 1943-жылдын жазында Советтер Союзуна качып өткөндөн кийин 2 айдан кийин советтик атайын кызмат Улуучат ооданында жашаган анын 30-40 түтүн туугандарын Эркечтам аркылуу түн жамынтып, СССРге өткөрүшөт.
Качуу планын Мону ажы жана анын агасынын уулу Көккөз Кудайбердиев баш болгон 2-3 гана адам билген.
1944-жылдын жазында анын 30-40 түтүн туугандары Чөгөмдөн орун алат, 1950-жылга чейин өкмөттүн камсыздоосунда болгон.
Ысакбек Монуев 1945-жылы Ошто туугандары менен 2-3 жолу жолугуп кайткан.
***
1944-жылдын март айында Кыргызстанда Монуевдин жетекчилиги алдында “Буйгу жана “Баатыр” деп аталган эки жашыруун атайын аскердик отряд түзүлөт. Алар Ысык-Ата курортунда машыгуудан өтүшөт. Мындай жашыруун аскер отряддары Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда да түзүлүп, аларга Ысакбек Монуев баш-көз болуп тургандыгын генералдын Ташкентке, Душанбеге жана Алма-Атага тез-тез каттап тургандыгы далил болуп турат. Ошол убакта Тажик ССРинин жетекчилери ага 2 күлүк тартуулашкан.
132 аскерден турган “Буйгунун” өзөгүн Кашкардагы 35-полктун тажрыйбалуу офицерлери түзгөн, алардын арасында Көккөз Кудайбердиев, Орозмамат Шананов сыяктуу Монуевдин туугандары болгон. Алар Ысык-Ата курортунда машыгуудан 4-5 ай машыгуудан өтүшкөндөн кийин, кайра Гүлчөгө алып келишкен. Канат Ажибеков (отряддын өтүкчүсү ) деген саткынчы Ы.Монуевге тартууланган күлүк атты минип , Кытайга качып кеткен. “Буйгунун” Эргештам аркылуу өтүү планы ишке ашпай калган.
***
1944-жылдын 10-октябрында Казак автономиясы облусу жайгашкан аймакта кубаттуу улуттук –боштондук көтөрүлүшүнүн оту тутанат. 1944-жылдын 12-ноябрында Кулжанын борбордук бөлүгүнөн гоминданьдык бийлик сүрүлөөрү менен эле көз карандысыз Чыгыш Түркстан Республикасы түзүлгөндүгү жарыяланат. Бул учур Чыгыш Түркстандын элдери үчүн улуттук-патриоттук духу бийик деңгээлге көтөрүлгөн өзгөчө мезгил эле. Түзүлгөн күндөн тартып эле бардык мамлекеттик атрибуттарды кабыл алган. Зунун Таипов “Боштондук үчүн күрөштө” деген китебинде ЧТРдын убактылуу өкмөттүн саясаты тууралуу “Декларация жарыяланып, аны калк канаттануу менен кабыл алды” деп жазат.
Көз карандысыз Чыгыш Түркстан Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн башчылыгына Токмок шаарында туулуп өскөн, улуту өзбек Алихан төрө (Шакир даммулла Хаджиев) шайланат.
1945-жылдын январында Чыгыш Түркстан Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн башчылыгына мурда Ташкент шаарындагы Орто Азия коммунисттик университетинде окуп кеткен, уйгур лидерлеринин бири Ахмеджан Касими келет.
***
1944-жылдын 25-декабрында Хоргос аркылуу “Баатыр” отряды Казакстандын Кытайга өтөт. Анын командири Ысык-Көлдөн Кутан Торгоев, штабдын начальниги Дүйшө Ногойбаев болгон. Бир аптадан кийин “Буйгу” атайын аскердик отряды Хоргос аркылуу Иле округуна кирип, жаңы жылды ошол жерден тосушат. Бул мезгилде Чыгыш Түркстандын Иле, Тарбагатай, Алтай-үч округунда улуттук-боштондук үчүн куралдуу көтөрүлүш чыгып, жарандык уруш башталган эле. Ганибатыр, Фатих Муслимов, Рафык Байчурин сыяктуу улуттук лидерлердин үндөөсү менен ачык согуш башталып, көтөрүлүшкө чыккандар Иле округунун айрым жерлеринен гоминьдандык бийликти сүрүп чыгара баштаган.
1945-жылдын 7-январь күнү СССРден барган аскердик отряд Кулжанын Айранбаг деген жериндеги гоминьдандык аскерлердин катуу чыңдалган базасын штурмлоого катышат. Операция ийгиликсиз аякталып, аскердик отряд жергиликтүү калктын эсебинен көбөйтүлүп, полкко жеткирилип, 1 апталык машыгуудан өтөт.
1945-жылдын 14-январь күнү Кулжанын Айранбаг менен Бутканды кайра штурмалоого катышып, бул чабуул да ийгиликсиз аяктайт. деген жериндеги гоминьдандык аскерлердин катуу чыңдалган базасын штурмалоого катышат.
1945-жылдын 16-январь күнү Төрө-Суу ашуусу аркылуу Зинхо районунан бир дивизия аскер тобу Кулжадагы гоминьдандык аскерлерге жардамга келе жаткандыгы тууралуу кабар келет. Ысакбек Монуевге алардын жолун тосуп жок кылуу тапшырмасы берилет. “Баатыр” аскердик отряд кошулат.
1945-жылдын 18-январь күнү Чапканжут деп аталган аймакта тоо арасынан мерчемдүү өңүт алган Ысакбек Монуев душмандын алдыңкы бөлүгү менен бетмаңдай чыгып, аны тез эле таш-талканын чыгарат.
1945-жылдын 26-январь күнү чечүүчү согуш болгон. Тоо арасында 2000-2500 дөй аскерден турган гоминьдандык дивизия тыптыйпыл талкаланат.
Чапканжутагы гоминьдандык бир дивизияны тыптыйпыл талкалагандан кийин Ысакбек Монуевдин аскердик бөлүгү Кулжага кайтып келип, 1945-жылдын 28-январь күнү Кулжанын Айранбаг чыңдоосун штурмалоого кайра штурмалоого катышат.
1945-жылдын 29-январь күнү Айранбагдан Зинхо аймагындагы өз күчтөрүнө кошулуу үчүн 200 гоминьдандык аскер чыгып кеткендиги маалым болуп, алардын жолун тороо үчүн Габит Музипов баштаган бир эскадрон аскер жөнөтөт. 80 аскердүү бул эскадрон 200дөй гоминьданчыны тыптыйпыл талкалап, курал-жарагын колго түшүрөт.
Башкы таянган күчү Ысакбек Монуевдин атчандар полку болгон көтөрүлүшчүлөр тобу Кулжанын Айранбаг менен Буткандагы чыңдоолоруна жана аэродромуна 3 күн кайра чабуул койгондон кийин 31-январь күнү 2000 аскерден турган гоминьдандык аскердик бөлүк чегинүүгө аргасыз болот. Төрт күндөн кийин арттан куугун түшүп, четтен кырып-жойот деп чочулашканбы, чегинүүгө аргасыз болгон гоминьдандык аскердик бөлүктүн командачылыгы өз элчилерин жөнөтүп, капитуляцияга макул экендигин билдиришкен.
***
1945-жылдын 3-февраль күнү ЧТРдин регулярдуу Улуттук армиясы түзүлүп, генерал-майор Ы.Монуев анын коргоо министри жана башкы командачысы сыяктуу эки кызматты бирдей колго алат. Ысакбек Монуев капитуляцияны ишке ашырууну атайын отряддардын командирлери Раззак Маяланов менен Габит Музиповго дайындайт.
1945-жылдын мартында Чыгыш Түркстан Республикасынын өкмөтү Кыргызстандын аймагында түзүлгөн “Буйгу” жана “Баатыр” деп аталган атайын аскердик отряддын базасында атчандар бригадасын түзөт. 2 полк жана өзүнчө коменданттык эскадрондон туруп, 1-Текес атчандар бригадасы деп аталган бул бөлүктүн командирлигине генерал-майор чини менен Ысакбек Монуев дайындалат. Бригада командиринин саясий орун басары опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин атасы Абдылда Миңжылкыев болгон.
1-Текес атчандар полкунун командирлигине түбү лейлектик, Ысакбек Монуев менен 30-жылдардан баштап Кашкарда бирге жүргөн Раззак Маяланов дайындалат.
2-Текес атчандар полкунун командирлигине “Баатырдын” башчысы Дүйшө Ногойбаев дайындалат.
1945-жылдын сентябрында Кытай армиясынын 45-жана 191-жөө аскерлер дивизиясы Зинхо жана Шихо районуна жете келип, ошол жерге чыңдоолорду куруп, чечүүчү согушка даярданып жаткан. Ысакбек Монуевдин бригадасы Зинхонун Арчалы өрөөнүнө түшүп, ошол жерде чабуулга даярдана баштайт. Эки тараптын кармашы 5-сентябрда башталып, 13-сентябрда Моуевдин аскерлеринин пайдасына аяктайт. Ысакбек Монуевдин бул жеңишинен кийин Чыгыш Түркстандын Иле, Тарбагатай, Алтай округу толук бойдон, Үрүмчү округунун Жылдыз-Монгол уездинин бир бөлүгү ЧТРдин карамыгына өтүп, гоминьданчылар Манас дарыясынан ары куулган. Саясий мааниси бар Үрүмчү, тарыхый мааниси бар Кашкар, Хотен, Кара-Шаар округдарын бошотуу алдыда турган болчу.
***
1945-жылы сентябрда Чан Кайши башында турган гоминьдандык бийлик конфиликтти тынчтык жол менен чечүүнү сунушу менен чыгып, ЧТР өкмөтүнө таклип кылат. 1946 –жылдын октябрында Үрүмчү шаарындагы сүйлөшүүлөргө ЧТР өкмөт башчысы Ахметжан Касими, мүчөлөрү Рахимжан Сабиражиев, Абулкаир төрө Рабатовдон турган делегация барышат. Ысакбек Монуев Үрүмчү шаарындагы сүйлөшүүлөргө барган эмес. Бул анын өмүрү үчүн коркунучтуу эле.
Гоминьдандык бийлик тараптан генерал Чжан Чжи -Чжун, Мухаммед Имин Хазрат, Айсабек, Махмуд Сабыражиев (Рахимжан Сабиражиевдин тууганы жана кайынатасы), Сүйлөшүүлөр 8 айга созулуп, 11 пункттан турган келишимге кол коюлат. Ал макулдашуу боюнча Гоминьдандык бийлик тараптан жана ЧТРдин жетекчилеринен турган коалициялык өкмөт түзүлөт. 25 адамдан турган ал өкмөттүн 15и жергиликтүү калктан көрсөтүлүп, Кытайдын борбордук бийлиги тарабынан бекитилмек болот. Өкмөттүн 10 мүчөсүн борбордук бийлик дайындоосу каралган.
Гоминьдандык бийлик тараптан ЧТРден барган коалициялык өкмөттүн мүчөлөрүнө ЧТРдин 22 500дөн ашып калган улуттук армиясынын 50%га б.а, 12 000 аскерге чейин кыскартуу боюнча келишимге кол коюлат.
***
Макулдашуу боюнча Гоминьдандык бийлик тараптан жана ЧТРдин жетекчилеринен турган коалициялык өкмөт түзүлгөндөн кийин деле келишимдин шарттары одоно бузулуп, гоминьдандык бийлик тараптан Түштүк Шинжанга аскер күчү жөнөтүлүп, Таш-Коргон, Жаркент округдарында улуттук боштондук кыймылы айоосуз түрдө басылат. Ал тургай гоминьдандык бийлик Алтай, Тарбагатай, Иле округдарына чабуул жасап, ЧТРдин көзөмөлдөгөн аймакты басып кирүүгө аракеттенишкен.
1947-жылдын башында Алтай округунун губернатору Осмон Исламов көтөрүлүшчүлөргө чыккынчылык кылып, гоминьдандык бийликке сатылып кетет. Ал 1947- жылдын сентябрында облустук, райондук мекемелерди басып алган. 1947- жылдын акырында Ысакбек Монуев Алтайга жүрүш жасап, гоминданчыларды кууп чыкккан.
1947- жылдын май айында генерал Чжан Чжи Чжун, убактылуу өкмөттүн төрагалыгынан кетип, борбордук бийлик анын ордуна Масуд Сабиржаджиевди дайындайт.
Келишимдин орой бузулгандыгына байланыштуу 1947- жылдын августтун башында ЧТРден барган коалициялык өкмөттүн мүчөлөрү Үрүмчүнү таштап, Кульжага кайтат.
Айрым авторлордун пикиринде ошол учурда Советтер Союзу чоң катачылык кетирип, сүйлөшүүлөр башталганда эле атайын тапшырмадагы өз отряддарын (анын ичинде “Баатыр” менен “Буйгу” да бар эле) Кытайдан чыгарып кетет.
***
1948-жылы Кытайдагы жарандык согуш аягына жакындап, гоминьдандык аскерлер бардык фронтто жеңилүүгө учурап, алардын ЧТРди көзөмөлдөөгө чамасы болбой калган. 1948-жылдын декабрында Чан Кай Ши Синьцзяндын өкмөтүнүн төрагалыгына улуту татар Бурган Шахидди дайындайт. Б.Шахиддин Пекин менен болгон байланышы бекем болгондуктан коммунисттер тарабына өткөн Чжан Чжи Чжун Бурганга ЧТРдин делегаттарын Үрүмчүгө чакырууга сунуш берген телеграмма жөнөтөт.
1949-жылдын жайында Кытайдын континенталдык бөлүгүндөгү АКШы калкалаган гоминьданчылар талкаланып, 1950-жылы толук жеңилүүгө учурайт. Чан Кай Ши Тайвань аралына качып, аерде башпаактөөгө аргасыз болгон. Коммунисттер күзүндө Кытай Эл Республикасы түзүлгөндүгүн жарыялоо максатында Элдик Саясий Консультативдик Кеңешмени чакырууну белгилейт. Айрым булактарга таянсак, Мао Цзедун Синьцияндын үч округундагы көтөрүлүштү кытай революциясынын бөлүгү деп баалап, бул салтанатка ЧТРдин да жетекчилиги чакыртылат. Курамында өкмөт төрагасы уйгур Ахмеджан Касими, аскер командачысы кыргыз Ысакбек Мониев, Алтай облусунун губернатору, улуту казак Далилхан Сугурбаев, уйгур өкмөт мүчөсү, жазуучу “Шарк Түрстан ынкылабы” гезитинин башкы редактору Абдыкерим Аббасов, улуту кытай, Үрүмчүдөгү жаштар уюмунун жетекчиси Ло Цзу кирген делегация 27-августта Кулжадан Алматыга жөнөп кетишет. Расмий маалыматтарда “ЧТРдин делегациясы отурган “Иль-11” самолету Алматыдан Пекинге учуп баратып, Читадан 60 км аралыкта жайгашкан Хамар-Дабан ашуусунда кырсыкка кабылып, жерге кулап түшкөндө анын ичиндегилер жана экипаждын бардык мүчөлөрү каза болгон” деп айтылат. Ага ишенимдүү, так, таасын далилдүү жооп жок болгондугуна байланыштуу бул маалыматтын чын-төгүнүнө шек санап, ар кандай божомол бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет.
ЧТРдин делегациясынын каза болгондугун туугандарына 10- ноябрь күнү гана угузушкан. 1950-жылы февралда сөөктөрдү Кулжага алып келишкен. Алар Баң-Кадырдын багына коюлган. 1950-жылы мартта Ысакбек Монуевдин авиакатострофага кабылып, каза болгондугун Фрунзедеги аялы Турганбүбүгө Төрөбай Кулатов угузат. 1950-жылы августта Чөгөмдүн Загара жайлоосунда Ысакбектин атасы Мону ажы анын ашын берет.
Элдик Саясий Консультативдик Кеңешмеге ЧТРдин Сайпидин Азизов башында турган жаңы делегация катышып, ЧТРдин жаңы жарыяланган Кытай Эл Республикасынын курамына кирүүгө макул болгондугун билдирет.
1948-жылы Кытайдагы жарандык согуш аягына жакындап, гоминьдандык аскерлер бардык фронтто жеңилүүгө учурап, алардын ЧТРди көзөмөлдөөгө чамасы болбой калган. 1948-жылдын декабрында Чан Кай Ши Синьцзяндын өкмөтүнүн төрагалыгына улуту татар Бурган Шахидди дайындайт. Б.Шахиддин Пекин менен болгон байланышы бекем болгондуктан, коммунисттер тарабына өткөн Чжан Чжи Чжун Бурганга ЧТРдин делегаттарын Үрүмчүгө чакырууга сунуш берген телеграмма жөнөтөт.
1949-жылдын жайында Кытайдын континенталдык бөлүгүндөгү АКШы калкалаган гоминьданчылар талкаланып, 1950-жылы толук жеңилүүгө учурайт. Чан Кай Ши Тайвань аралына качып, аерде башпаактөөгө аргасыз болгон. Коммунисттер күзүндө Кытай Эл Республикасы түзүлгөндүгүн жарыялоо максатында Элдик Саясий Консультативдик Кеңешмени чакырууну белгилейт. Айрым булактарга таянсак, Мао Цзедун Синьцияндын үч округундагы көтөрүлүштү кытай революциясынын бөлүгү деп баалап, бул салтанатка ЧТРдин да жетекчилиги чакыртылат. Курамында өкмөт төрагасы уйгур Ахмеджан Касими, аскер командачысы кыргыз Ысакбек Мониев, Алтай облусунун губернатору, коргоо министринин орун басары улуту казак Далилхан Сугурбаев, уйгур өкмөт мүчөсү, жазуучу “Шарк Түрстан ынкылабы” гезитинин башкы редактору Абдыкерим Аббасов, улуту кытай, Үрүмчүдөгү жаштар уюмунун жетекчиси Ло Цзу кирген делегация 27-августта Кулжадан Алматыга жөнөп кетишет. Расмий маалыматтарда “ЧТРдин делегациясы отурган “Иль-11” самолету Алматыдан Пекинге учуп баратып, Читадан 60 км аралыкта жайгашкан Хамар-Дабан ашуусунда кырсыкка кабылып, жерге кулап түшкөндө анын ичиндегилер жана экипаждын бардык мүчөлөрү каза болгон” деп айтылат. Ага ишенимдүү, так, таасын далилдүү жооп жок болгондугуна байланыштуу бул маалыматтын чын-төгүнүнө шек санап, ар кандай божомол бүгүнкү күнгө чейин айтылып келет.
ЧТРдин делегациясынын каза болгондугун туугандарына 10- ноябрь күнү гана угузушкан. 1950-жылы февралда сөөктөрдү Кулжага алып келишкен. Алар Баң-Кадырдын багына коюлган. 1950-жылы мартта Ысакбек Монуевдин авиакатострофага кабылып, каза болгондугун Фрунзедеги аялы Турганбүбүгө Төрөбай Кулатов угузат. 1950-жылы августта Чөгөмдүн Загара жайлоосунда Ысакбектин атасы Мону ажы анын ашын берет.
Элдик Саясий Консультативдик Кеңешмеге ЧТРдин Сайпидин Азизов башында турган жаңы делегация катышып, ЧТРдин жаңы жарыяланган Кытай Эл Республикасынын курамына кирүүгө макул болгондугун билдирет.
Чыгыш-Түркстандын куралдуу күчтөрү 1950-жылдын январынд Кытай Элдик-Боштондук армиясынын 5-корпусуна киргизилип, командирлигине Фотий Лескин дайындалган.
1955-жылдын 1-октябрында Кытай Эл Республикасынын курамында Синьцзян-Уйгур Автономиялуу Району түзүлгөн.
Кытайдын келечек тагдыры аныктала турган тарыхый жыйынга бараткан делегациянын курман болгон мүчөлөрүнө арналган эстелик Кулжа шаарында тургузулган.
***
2014- жылы Кытай Эл республикасынын өкмөтү Ысакбек Монуевдин жакын тууганы катары мени Синьцзянга чакырып, мени коштоп жүргөндөр генералдын Кулжада ачылган музейи менен тааныштырып, анын Шинжаң элинин улуттук баатыры болуп санала тургандыгын, Ысакбек Монуевдин аскердик ишмердиги жөнүндө маалымат окуу китептерине киргизилгендигин айтып беришти.Анын өмүрү, баатырдыгы тууралуу жазылган китептер кыргыз, кытай, уйгур, казак тилдеринде жарык көргөндүгүн да кошумчалашты. Мен Кыргызстанда ааламдан эрте өткөн алгачкы кыргыз генералынын ысымы 2003-жылы Ош шаарындагы чоң көчөлөрдүн бирине жана Чоӊ-Алайдын Нура айылындагы орто мектепке ыйгарылып, айкелдери орнотулгандыгын, ага арналган эскерүү кечелерине арналган иш-чаралар өткөрүлүп тургандыгын айтып бердим.
Калыстык үчүн айтып коюш керек, “Генерал Ысакбек” аттуу китептин автору Абдувахаб Монуев Кыргызстандын УККынын архивинен “Баатыр”, “Буйгу” отряддарынын түзүлүшү, алардын согуш аракеттерин баяндаган кыскача маалыматтарды алууга жетишкен. Ошол китепте “1943-жылдын сентябрь айында Ысакбек Москвага жол алат. Андан кийинки жылы да барган экен. Эл арасында “Генерал Сталинге жолугуп, сүйлөшүп келген” деген аңыз сөздөр бар” деп жазылат.
***
Бул жерде кеп удулу келип турганда бир айта турган сөз бар. Генералдын Сталин менен түз байлашы болгондугун далилдеген бир топ далилдер, жагдайлар бар. Мисалга алсак, 1943-жылы жазында генерал Ысакбек Монуев СССРге качып өткөндө аны Алматыда Казак ССРинин жетекчилери тосуп алгандыгы, адегенде Өзбекстан КП БКнын биринчи катчысы Усман Юсупов баш болгон расмий делегация, андан кийин Кыргыз ССРинин КП (б) Борбордук Бомитетинин биринчи секретары Вагов Алексей Власович менен Кыргыз ССРинин Эл комиссарлор Советинин Төрагасы Төрөбай Кулатов экөө баргандыгы, Ысакбек Монуев 1943-жылдын жазында Советтер Союзуна качып өткөндөн кийин 2 айдан кийин советтик атайын кызмат Улуучат ооданында жашаган анын 30-40 түтүн туугандарын Эркечтам аркылуу түн жамынтып, СССРдин аймагына өткөрүп алгандыгы, 1950-жылга чейин өкмөттүн камсыздоосунда болгондугу Сталиндин көрсөтмөсү менен жүргүзүлгөндүгүнөн кабар берип турат.
Менин колумда СССР Министрлер Советинин Председатели И. Сталин менен СССР Министрлер Советинин Иш башкармалыгынын башкаруучусу М.Помазнев кол койгон СССР Министрлер Советинин 1950-жылдагы 13-апрелдеги №1531- токтомунун көчүрмөсү бар. Анда каза болгон Ысакбек Монуевдин үй-бүлөсүн материалдык жактан камсыздоо боюнча көрсөтмө берилген. Анын негизинде Ы.Монуевдин аялы Монуева Турганбүбүгө ай сайын 2000 рубль өлчөмүндөгү (өмүр бою), уулу Монуев Абдыкайым менен бир тууганы Монуев Термезге 750 рубль өлчөмүндөгү ( жогорку окуу жайын бүткөнгө чейин) персоналдык пенсия төлөп берүү жана аялы Монуева Турганбүбүгө жана уулу Монуев Абдыкайымга Кыргыз ССРинин Министрлер Совети тарабынан 1943-жылы берилген Фрунзе шаарындагы үйдү участкасы менен бекитип берүү жөнүндө тапшырма берилген. Ошондон улам генерал Ысакбек СССРде да чоң аскерий чини болгонбу деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Бирок, биздин колубузда аны тастыктоочу расмий документтер жок. Келечекте аны да тактоо зарыл.
***
Телекөрүүчүлөрдүн эсинде чыгаар“ЭлТР” мамлекеттик телекомпаниясынын «Доор аяны» долбоорунда белгилүү журналист Султанбек Абдырахманов менен тарых илимдеринин кандидаты Бектемир Жумабаевдин ортосунда 2 бөлүктөн турган маеги жарыяланган. Анын жүрүшүндө окумуштуу Абдувахаб Монуевдин “Генерал Ысакбек” аттуу китеби тууралуу сөз болуп, автордун бул китебине генералдын өмүр-таржымалына кайрылган алгачкы саамалык катары баа берген.
Бектемир бул жагдайдан алганда казактар бизге караганда бир топ алдыга кеткендигин белгилеп өткөн. Анын айтуусунда 1944-жылдын 12-ноябрында Кулжада көз карандысыз Чыгыш Түркстан Республикасы түзүлгөн учур Чыгыш Түркстанда жашаган уйгур, казак, кыргыз, өзбек, монгол элдери үчүн улуттук-патриоттук духу көтөрүлгөн өзгөчө мезгил экендигин эске алып,казак жазуучулары ушул учурду чагылдырган бир нече тарыхый чыгармаларды жарыялашкандыгын белгилеп өткөн болчу. Анын эң кийинкиси «Шүүдүрүм» аттуу роман. Аталган көлөмдүү чыгармада генерал Ысакбек Монуев менен Алтай облусунун губернатору, коргоо министринин орун басары улуту казак Далилхан Сугурбаев менен болгон адам катары бекем достугу, алардын боштондук үчүн болгон күрөштө биргелешкен эриш-аркак аскердик ишмердүүлүгү кеңири чагылдырылган.
Окумуштуу ошол берүүдө үч улуу державалардын ортосунда калган Чыгыш Түркстан Республикасынын, анын жетекчилеринин кайгылуу тагдыры тууралуу көпчүлүккө белгисиз көп жагдайларды айтып берген. Анын айтуусунда 1949-жылдын 27-августта Кулжадан Алматыга жөнөп кеткен ЧТРдин делегациясы Алматада кармалып, Омскиге, андан кийин Москвага жеткирилип, узак убакытка созулган суракка алынган. Аларга советтик жетекчилик тарабынан ЧТРди Кытай Эл Республикасынын курамына киргизүү сунушу айтылган. ЧТРдин жетекчилиги ага макул болгон эмес. Ошентип, Сталин менен Мао Цзе Дундун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ЧТР муунтулуп, анын жетекчилери советтик атайын кымат тарабынан көздөрү тазаланган. Кулжадагы элдин кыжырдануусун басуу үчүн 1950-жылы февралда гана сөөктөрдү ошол жерге алып келишкен.
Бектемир ошол берүүдө убакыт болсо ошол мезгилдеги Чыгыш Түрстандагы ички жана тышкы саясий кырдаалды эске алуу менен тарыхый шартка байланыштырып атайын китеп жазсам деген оюн айткан болчу. Бирок, өмүрү кыска экен, жаш кетти. 2014-жылдын 16-январында 54 жашында Бишкек шаарында улуттук госпиталда оорудан каза болуп, сөөгү Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылындагы көрүстөндө түбөлүк жайга берилген. 2010-жылы доктордук диссертациясын жактап, 2014-жылы профессор болгон. Бектемир Жумабаевдин калеминен 100дөн ашуун илимий жана жамаагаттык макалалар, бир канча китептер жарык көргөн чыгаан окумуштуу болчу.
Элден айланса болот, уучубуз кур эместир, кийинки муундардын арасынан СССР КГБсынын архивин терең иликтеп, генералдын бейнесин ачкан, анын ишмердүүлүгүн кенири чагылдырып берген чыгаан окумуштуулар , иликтөөчүлөр, публицисттер чыгып калаар.
Материалды даярдаган: Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

