Көлбаевдин уюшкан тобуна байланышы бар делген жаран Грузиядан экстрадициланды
К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү деп шектелген жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
1994-жылы туулган А. у. Э. аттуу жаран КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгүндө (уюшкан топту түзүү же ага катышуу) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө жарыяланган.
2019-жылы ал жана анын М. Т. А. аттуу жакын адамы Көлбаевдин тобунун атынан Чаткал жана Ала-Бука райондорундагы тоо-кен тармагын көзөмөлдөөгө байланыштуу мыйзамсыз иштер менен алектенгени аныкталган.
Мындан тышкары, УКМКга уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо үчүн акча каражаттарын опузалап алуу фактылары боюнча жергиликтүү тургундардан арыздар түшкөн.
Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

