Кыргызстанда жер титирөө катталды

20-июлга караган түнү саат 2:41де Нарын облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институту берген маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Оттук айылынан 5 чакырым түндүк-батышта, Нарын шаарынан 31 чакырым түндүк-батыштагы жерде 19 чакырым тереңдикте болгон.

Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү: Оттук, Казан-Куйган айылдарында - 5 баллга жакын, Жерге-Тал, Кызыл-Жылдыз, Эчки-Башы, Эмгекчил айылдарында - 4 балл, Куйбышев, Шоро, Сегизинчи март, Ак-Талаа, Достук, Жан-Булак, Миң-Булак, Жалгыз-Терек, Орто-Саз, Ак-Кыя, Орто-Нура, Кеңеш айылдарында, Нарын шаарында - 3 балл, Сары-Иймек, Кара-Ой, Жылан-Арык, Куланак, Учкун, Таш-Булак, Ийри-Суу, Эки-Нарын, Таш-Башат, Ак-Муз, Ак-Моюн айылдарында - 2.5 балл болду.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз