Жоламан Шаршенбеков Венгрияда өткөн рейтингдик турнирде алтын медаль жеңди
2026-жылдын акыркы рейтингдик турнири 19-июлда Венгриянын Будапешт шаарында жыйынтыкталды.
Жоламан Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 1/16 финал баскычынан баштады.
Кыргызстандык балбан катары менен үч атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңип, жарым финалга чыкты. Бул баскычта ал Азиянын учурдагы чемпиону, 2025-жылдагы дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси жана дүйнөлүк рейтингдин лидери, өзбекстандык Алишер Ганиевди далысын килемге тийгизип, ишенимдүү жеңишке жетишти.
Финалда Шаршенбеков казакстандык Ернур Фидахметов менен беттешмек. Бирок атаандашы жаракат алганына байланыштуу килемге чыккан жок.
Натыйжада Жоламан Шаршенбеков беттешсиз эле биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынды.
60 кг салмак категориясы
1/16 финал
- Жоламан Шаршенбеков — Далтон Жеймс Робертс (АКШ) — далыга басып жеңди (0:59)
1/8 финал
- Жоламан Шаршенбеков — Элмир Алиев (Азербайжан) — 10:0
Чейрек финал
- Махмуд Фарраг Саад (Египет) — Жоламан Шаршенбеков — 0:9
Жарым финал
- Алишер Ганиев (Өзбекстан) — Жоламан Шаршенбеков — Шаршенбеков атаандашын далыга басып жеңди
Финал
- Ернур Фидахметов (Казакстан) — Жоламан Шаршенбеков — Фидахметов жаракатынан улам килемге чыккан жок. Жеңиш Жоламан Шаршенбековго ыйгарылып, ал турнирдин чемпиону болду.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

