Лионель Месси бир нече айлык Ямаль менен түшкөн сүрөтү боюнча комментарий берди

Аргентина курама командасынын капитаны Лионел Месси 2007-жылкы беш айлык Ламин Ямалды жуунтуп жаткан сүрөтүнө комментарий берди, деп жазат "Баракелде" басылмасы.

Учурда Ямал 19 жашта, ал Испаниянын курама командасында ойнойт. Месси июнь айында 39 жашка толду. 19 жылдан кийин футболчулар дүйнө чемпиондугунун финалында беттешти.

«Чынын айтсам, биздин бул сүрөт аябай сонун. Жашоо ушундай да, туурабы? Мен аны менен ымыркай кезинде сүрөткө түшкөм, эми экөөбүз дүйнө чемпиондугунда бетме-бет келдик», - деди Месси Нью-Йорктогу «Fanatics Fest» иш-чарасында.

Легендарлуу сүрөт 2007-жылы тартылган. Ламин Ямалдын үй-бүлөсү Барселонага жакын Матаро шаарындагы Африкадан келгендер жашаган Рокафонда жумушчу районунда турушчу. Күзүндө «Diario Sport» гезити ЮНИСЕФ менен биргеликте кайрымдуулук үчүн сүрөт сессиясын уюштурган.

«Барселонанын» футболчулары ымыркайлар жана алардын үй-бүлөсү менен сүрөткө түшүшкөн. ЮНИСЕФтин кызматкерлери Рокафонданын тургундарынын арасында лотерея өткөргөн. Ямалдын үй-бүлөсү утуп, сүрөткө тартылууга мүмкүнчүлүк алган. Сүрөттөрдүн биринде баланын апасы Шейла Эбана да тартылып калган.

Ал кезде ымыркай дүйнөлүк футболдун негизги жылдыздарынын бири болуп, бир күнү дүйнө чемпиондугунун финалында Мессиге каршы ойной турганын эч ким ойлогон эмес болчу.

39 жаштагы Лионел үчүн финалдык беттеш, кыязы, дүйнө чемпиондугундагы акыркысы болду. Ал эми 19 жаштагы Ямал Испанияга экинчи кубок утуп алууга жардам берди. Салыштырууларга карабастан, испаниялык спортчу «жаңы Месси» болууну каалабай турганын, тескерисинче, өз жолу менен кетүүгө ниеттенип жатканын белгилейт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз