Толкунбек Асыкулов: -Германиядагы башталгыч класстын окуучулары чоңдордун суроосун беришти
Кыргызстандын экосистемасын коргоого салым кошуп иштеп келаткан NABU Кыргызстан уюмунун мүдүрү Толкунбек Асыкулов жакында Германияга барып, биздин өлкөнүн жаратылышын сактоого салым кошууга байланышкан бир топ маселелерди сүйлөшүп келди. Ошондой эле көптөгөн жолугушууларды өткөрүүдөн сырткары, мектеп окуучуларына Кыргызстандын жаратылышы, анда байырлаган жаныбарлар, айрыкча илбирс тууралуу маалыматтарды айтып, экологиялык сабактарды өткөндө башталгыч класстын окуучулары чоңдордун суроолорун бергенине таң калган. Ал бул сапарында Ысык-Көл биосфералык аймагын түзүп, анын иштеп калышына жана ал ЮНЕСКОнун тизмесине кирип калуусуна түздөн түз тиешеси болгон германиялык профессор, Нобель сыйлыгынын альтернативдүү лауреаты, илимий жетекчиси Михаел Зукко менен 24 жылдан кийин жолугушканын кызыгуу менен айтып берди. Маекке көңүлүңүздөрдү бурабыз.
-Толкунбек Асыкулович, саламатсызбы? Германия сапарыңыз тууралуу айтып берсеңиз, ал жакта кандай багыттар боюнча сөз жүрүп, кандай иштер аткарылды?
-Саламатчылык. Германияда жыл сайын биздин филиалдын аткарган иштери жөнүндө маалымат берип, жылдык отчет катары жыл сайын барып турабыз. Ал жакта, биздин башкы кеңсебиз бар, түрдүү багытта иштеген кесиптештерибиз биздин иштер тууралуу маалымат алганга чакырган болчу. Иш-сапардын алкагында, Берлин шаарында 2-3 презентация жасап, Кыргызстандын жаратылышын сактоо жана ага байланышкан иштерибиз тууралуу кеңири айтып бердим.
Андан сырткары, менин илимий жетекчим Михаел Зукко менен жолугуп келдим. 85 жашка чыгыптыр. Ал профессор агайым экологиялык саясат боюнча Нобель сыйлыгынын альтернативдүү лауреаты. Аны менен жолугуп, Кыргызстандын экологиялык абалы, NABUнун иштери жөнүндө сүйлөштүк.
Ошондой эле, Кёльн шаарынын жанында Дорхмаер деген айыл бар экен, ал жердеги баштапкы мектептердин окуучуларына экологиялык сабак өттүм. Ага 70тей окуучу катышты. Аларга илбирс жөнүндө, анын абалы тууралуу айтып бердим. Илбирстерди коргоо боюнча Кыргызстанда кандай иштер аткарылып жатканы жөнүндө айтып, суроолоруна жооп берип келдим.
-Суроолор тууралуу айтып калдыңыз эле, башталгыч класстын окуучулары жогорку деңгээлдеги суроолорду бере алат экен депчи...
-Ооба, башында илбирс жөнүндө жалпы маалымат берсем деген ой болгон. Бирок 1-2-3-4-класстын окуучулары болсо дагы, экологиялык билими аябай жогору экен. Илбирс жөнүндө чоң курактагы адамдар берген суроолорду беришти. Мисалы: илбирстин секиргени, канча ылдамдыкта чуркаганы, кандай оорулар менен ооруганына кызыгышты. Буларды кесипкөй суроолор десе болот. Алар канчалык кызыктуу суроолорду беришсе, ошончолук берилип, презентацияң бай болот да, ошол үчүн башталгыч класстардын окуучулары менен болгон бул жолугушуу аябай кызыктуу болду.
Муну менен эмне айткым келет? Германиядагы экологиялык аң-сезим баланын кичинекей кезинен баштап эле калыптыны баштайт экен. Экологиялык билим берүү дайыма, үзгүлтүксүз берилип тургандыктан, буларда экологиялык аң сезим аябай жогору болуп саналат.
Мындан сырткары, айрым зоопарктарга бардык, жаныбарлардын жашоосу жана аларды кароо боюнча тажырыйба алмаштык.
-Сиздин илимий жетекчиңиз Кыргызстандагы Ысык-Көл биосфералык аймагын түптөлүшүнө салым кошкон адам турбайбы. Аны менен канча жылдан кийин жолуктуңуз жана анын ишмердүүлүгү тууралуу да айта кетсеңиз?
-Профессор Михаел Зукко тууралуу айтсак, сөз көп. 1994-жылы Ысык-Көл биосфералык аймагын ачуу боюнча Кыргызстанга чоң долбоор келген. Ошондон баштап биздин байланышыбыз түзүлгөн. Ал мага илимий жетекчи болуп калды, мен Ысык-Көл биосфералык аймагы боюнча диссертациялык ишимди жазып, кийин Германияда окуп, илимий ишимди ошол жакта жактагамын. Илимди жактагандан кийин мен Кыргызстанга баса бердим. Ортодо 24 жыл өтүп кетиптир. Биз өзүбүздүн ишибиз менен, агайым ал жакта өзүнүн иши менен алектенип калды дегендей, ошентип жолуга албай жүрдүм эле. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, 24 жылдан кийин жолугуп келдим.
Ысык-Көл биосфералык аймакты түзүүдө ал чоң ишти аткарган. Учурунда Кыргызстанга келип, Чыңгыз Айтматов менен жолугушуп, Ысык-Көлдү атайын корголуучу табигый аймак кылып түзөлү деп сүйлөшүп, ал маселе мамлекеттик деңгээлде чечилген. Анын алкагында биосфералык аймактар жөнүндө мыйзам кабыл алынып, кийин, 2001-жылы, ЮНЕСКОго да катталган. ЮНЕСКОнун биосфералык аймактар жөнүндө өзүнчө тизмеси бар, анын стратегиясы Сивилия шаарында кабыл алынган. Мээнет акталып, аткарылган иш ЮНЕСКОнун ошол тизмесине катталып калды, бул азыркы учурга чейин өзүнүн ишин аткарып атат. Ошентип профессор Михаел Зукконун бул ишке салымы өтө чоң болгон.
-Жыйынтыктоочу суроо болсун, Германия сапарыңызда дагы кандай ийгиликтер коштолду жана эмне пландар аткарыла турган болду? Дагы кандай маселелер келишилди?
-Негизинен NABU Кыргызстан уюмунун ишин улантуу маселеси каралды. Стратегияны өзгөртүп, ишибиздин айрым жерлерине жаңылыктарды киргизип, жаңы идеяларды кошуу маселелери талкууланды.
Анан келечекте жаратылышты коргоо максатында иштеген Эл аралык IUCN (International Union for Conservation of Nature) деген экологиялык уюм менен биргеликте Бишкекте чоң илимий конференция өткөрсөкпү деп атабыз. Аны өткөрүүнүн максаты бир эле – Кыргызстан бул уюмдун мүчөсү эмес экен, ушунун алкагында биздин мамлекет да ага кирип калабы деген ой. Эгер биздин өкмөт колдоп кетсе, бул дүйнөлүк деңгээлдеги уюмга Кыргызстан да мүчө болуп кирип калат эле. Бул уюмга көпчүлүк өлкөлөр мүчө болушкан. Буйруса ошол конференцияны өткөрсөк, ошондо да жаңы идеялар чыгабы деп атабыз.
-Рахмат маегиңизге, ишиңиздерге ийгилик!
Маектешкен: А.Каракозуев.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



