Ноокатта футболго кызыккан жаштардын саны өсүүдө

 
Ноокат районунда футболду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, жаштар арасында бул спортко болгон кызыгуу жылдан-жылга артып келүүдө.
 
Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу Ноокат райондук спорт инструктору Максатбек Шамаевдин маалыматына ылайык, райондо футбол клубу 2012-жылы негизделген. Учурда Ноокат футбол лигасында 22 оюнчу машыгып, алардын катарында 18 жашка чейинки жаштар жана улуураак курактагы спортчулар да бар. Команда мүчөлөрү жумасына эки жолу машыгуу өткөрүп, өздөрүнүн чеберчилигин жогорулатып келишет.
 
Команда Баткен облусуна жана Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна чейин барып, башка аймактардын футболчулары менен беттешүүлөрдү өткөрүп, тажрыйба топтоп келет.
 
Райондо футболду өнүктүрүүгө жергиликтүү бийлик органдары жана жеке ишкерлер тарабынан колдоо көрсөтүлүп турат. Тактап айтканда, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы, Ноокат шаарынын мэриясы, «Көк-Жар» айыл өкмөтү жана жергиликтүү ишкерлер спорттук иш-чараларды уюштурууга көмөктөшөт.
 
Футбол жаатындагы акыркы саамалыктарды атап өтсөк, 2026-жылдын 23-июнунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата кичи футбол боюнча Ноокат районунун акиминин кубогу уюштурулган. Ага укук коргоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери, ошондой эле 16 мекеме-ишкананын жетекчилери жана өкүлдөрү катышкан.
 
Жыйынтыгында байгелүү орундарды ээлеген командаларга Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылып, Ош облустук дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору жана медалдары менен сыйланышты.
 
Мындан тышкары, Мекенди коргоо күнүнө карата райондун жаштары арасында футбол боюнча спорттук мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө райондук мамлекеттик администрация тарабынан диплом, медаль жана кубоктор тапшырылды.
 
Ноокат районунда уюштурулуп жаткан мындай спорттук иш-чаралар жаштарды сергек жашоого үндөп, футболдун өнүгүшүнө жана таланттуу спортчулардын өсүп чыгышына шарт түзүүдө.


Бурма Исакова

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз