Евробиримдик Кыргызстандагы компанияларга жана 1 банкка санкция киргизди
Европа кеңеши 23-июлда Орусияга карата санкциялардын 21-пакетин бекитти. Билдирүү Европа кеңешинин сайтында жарыяланды.
Билдирүүдө Евробиримдик орусиялык энергетикага жана финансылык кызматтарга чектөө киргизгенин маалымдады.
Евробиримдиктин акыркы төрт жылдагы эң ири санкциялык тизмесине 218 субъект, анын ичинде 48 жеке жана 170 юридикалык жак кирди.
Европа кеңешинин билдирүүсүндө Кыргызстандагы 1 банкка Орусиянын финансылык билдирүүлөрдү алмашуу системасына кошулганына байланыштуу транзакцияларга тыюу салынганы айтылат. Тактап айтканда «ЭкоИсламикБанк» жөнүндө сөз болуп жатат, ага карата чаралар 13-августтан тарта күчүнө кирет.
Ошондой эле санкциялар Кытай, Индия, Казакстан, Түркия жана БАЭдеги компанияларга да таркатылат. Санкциялар Кыргызстандагы «Нова проект» ЖЧКсына (Юстиция министрлигине ылайык, курулуш долбоорлорун иштеп чыгат), «Рама Групп» ЖЧКсына (Юстиция министрлигине ылайык, дүң соода менен алектенет жана чет элдин катышуусу бар), «Шисан» ЖЧКсына (Юстиция министрлигине ылайык, дүң соода менен алектенет жана чет элдин катышуусу бар) карата да киргизилди.
Кыргызстандын Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук реестрине ылайык:
- «Нова проект» ЖЧКсынын жетекчиси жана негиздөөчүсү — Тугушева Гульфира Кешафовна;
- «Рама Групп» ЖЧКсынын жетекчиси жана негиздөөчүсү — Журенко Ангелина;
- «Шисан» ЖЧКсынын жетекчиси жана негиздөөчүсү — Матвеев Евгений Анатольевич.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


