"Абдыш-Ата" Возинья менен ойногон дарбазачы менен келишим түздү
Кыргызстандын үч жолку чемпиону болгон «Абдыш-Ата» Кабо-Вердеден келген дарбазачы Тиагу Жуниор Лопес Гомеш менен келишим түзгөнүн жарыялады.
23 жаштагы дарбазачы карьерасында Бельгия, Португалия, Испания жана Италиянын клубдарында ойногон.
Гомеш 19 жашында Кабо-Верденин 20 жашка чейинки (U-20) курама командасынын курамында дебют жасап, эки беттешке катышкан.
Ошондой эле ал 2023–2024-жылдары Марокко, Экватордук Гвинея, Камерун жана Ливияга каршы оюндарга улуттук курамага чакырылган. Бирок бул беттештерде талаага чыккан эмес. Ошол учурда ал команданын тажрыйбалуу дарбазачысы Возинья менен чогуу машыгып турган.
Жогорку лиганын биринчи айлампасынын жыйынтыгында «Абдыш-Ата» клубу 15 оюнда 27 гол өткөрүп жиберип, турнирдик таблицада 15-орунда, башкача айтканда акыркыдан бир орун жогору келе жатат.
26-июлда Кант шаарынын командасы «Азия» клубуна каршы беттешип, эсеп 1:1 болуп жыйынтыкталды
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

