Кыргыз балбаны кытай балбанын жаакка чаап жиберген

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Эрлан Манатбеков атаандашын жаакка уруп жиберди, деп жазат "Баракелде" басылмасы. 

19-июлда кыргызстандык спортчу Венгрияда өткөн рейтингдик турнирде 97 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан.

Биринчи беттеште Манатбеков чехиялык спортчу Артур Омаровду 2 мүнөткө жетпей жеңгени менен, 1/8 финалда кытайлык өкүлгө 0:4 эсебинде утулуп калган.

Ышкырыктан кийин спортчулардын ортосунда жаңжал чыгып, кыргызстандык балбан атаандашын жаакка чапкан.

Калыстар бул учурду карап чыгып, Манатбековду мелдештен четтетти.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз