Шайырбек Сулайманов Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан кетти
Шайырбек Сулайманов Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору кызматынан бошотулду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.
Ал өз каалоосу менен жумуштан бошотууну суранып, арыз жазган.
Сулайманов бул кызматка 2023-жылдын 13-октябрында дайындалган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

